Көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндарын ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев Facebook баракчасына жазды.
8 февраля 2022Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
8 февраля 2022Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылы 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат.
8 февраля 2022Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
8 февраля 2022Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында канча шайлоочу добуш бере аларын маалымдады.
8 февраля 2022Кыргызстанда кургакчылык учурунда сугат көйгөйүн кантип чечсе болорун Sputnik радиосунун эфиринде жасалма мөңгү тоңдуруучу Абдималик Эгембердиев менен окумуштуу гляциолог Рыскул Усубалиев айтып берди.
8 февраля 2022Керээли-кечке отуруп иштөө, аз кыймылдоо ар кандай "кеңсе" ооруларын пайда кылат. Бирок айрым жөнөкөй эле эрежелерди аткарган адамдар ал илдеттерден оолак болорун терапевт Галина Родченкова айтып, эрежелерди тизмектеп бергенин РИА Новости жазды.
8 февраля 2022Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат турган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан менчикке мыйзамсыз чыгарып берген коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
8 февраля 2022Ар бир адам өзүнүн канынын тобун билиши керек. Бул маанилүү. Анткени, күтүлбөгөн убакта кан керек болот же донор болушуңуз мүмкүн.
8 февраля 2022АКШнын Виржиния штатында жашаган эгиздер бир күндө турмушка чыгып, эки саат айырма менен балалуу болушту. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазып чыкты.
8 февраля 2022Россиядагы аэропортто кыргызстандык жигит жаш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу түркиялык блогер Фатих Копаран Twitter баракчасына жазып чыкты.
7 февраля 2022Эгер менден ката кетип калган болсо Талас элинен кечирим сурайм. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди.
7 февраля 2022COVID-19 инфекциясы менен ооруп айыккандан кийин кайсы суусундуктар ден соолукка пайдалуу экенин жана, тескерисинче, кайсылары зыянын тийгизерин Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Анжелика Дюваль айтып берди.
7 февраля 2022Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 диний, экстремисттик жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
7 февраля 2022Пенсиялык чегеримдердин кайсы бөлүгүн ипотекалык баштапкы төгүмдү төлөөгө жумшай алабыз. Бул үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?
7 февраля 2022Президент Садыр Жапаровдун 3-6-февраль күндөрү Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
7 февраля 2022Кышында кыйынчылык жаралбаш үчүн ар бир айдоочу автоунаасына эң керектүү делген буюмдарды сала жүргөнү оң. Суукта, тайгакта, тоңдо кереги тийчү буюмдардын тизмесин "Российская газета" басылмасы жарыялады.
7 февраля 2022Баткен облусунда абал туруктуу, жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
7 февраля 2022Коронавирустун "омикрон" штаммына кабылган учурда фастфуд менен таттуулардан баш тартуу керек. Тамактын бул түрлөрү сакаюуну кечеңдетерин медицина илимдеринин кандидаты, үй-бүлөлүк дарыгер Сергей Чудаковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
7 февраля 2022Кош бойлуу аял заводго жумушка орношкону келип, маектешүү учурунда анын узун чачын станок илип кетет. Кырсыктан улам аял каза болгон.
7 февраля 2022Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган эки жашар бөбөктөн кабар алып, ата-энесинен окуянын себептерин тактады.
6 февраля 2022"Бул борбор негизи жок болчу. Отставкага кеткидей эмне кылыптырмын? Мен өз ишимди жасап жатам. Эгер баштаган реформамды кимдир бирөө улантса, анда кетип, жакшы көргөн жумушум менен алек боло бермекмин. Бирок ага азыр убакыт жок, баштаган реформаны аягына чыгарышым керек. Ишимди уланта берем", — деди Бейшеналиев.
6 февраля 2022Өзүм уулдарымдын оозунан чыкканын алып берип, кийимдин модалуусун кийгизип, муздаткычты толтура май көл, сүт көл бакканым менен ата катары эч бир оокат жасоого, эмгекке үйрөтпөптүрмүн. Тамактын кайдан келип жатканын түшүндүрбөй, айткандарына "жок" дебептирмин.
6 февраля 2022Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы иштер тууралуу маалымат берди.
4 февраля 2022Финляндиянын криминалдык полициясы Тышкы иштер министрлиги зыян тарткан ири алдамчылык боюнча ишти жапкандыгын Yle деп аталган маалымат порталы кабарлады.
4 февраля 2022Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы узак убакыттан бери эл алдына чыга элек болчу. Ли Соль Чжу жолдошу менен биргеликте Пхеньяндагы майрамдык концертке барды.
4 февраля 2022"Бакыт ордосу" борборунун педагог-психологу Айнек Муратбекова бала кайсы куракта кризистик мезгилге жетерин айтып, бул учурда ата-эне аларга кандай колдоо көрсөтүшү керектигин түшүндүрүп берди.
4 февраля 2022Жогорку Кеңештин "Ынтымак" жана "Ишеним" фракциялары Баткенге барып биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
4 февраля 2022Эртең Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанаты өтөт. Бул спорттук эле эмес саясий дагы иш-чара, анткени оюндар эбактан бери эле эл аралык иш-чарага айланып калган.
4 февраля 2022Чилиде 15 жыл бою үй кызматчысы болуп иштеген аял министрдин орун басары болуп дайындалды. 1-февралда Чилинин президенти Габриэль Борич өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу жаңы өкмөттүн курамын жарыялады.
4 февраля 2022Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
3 февраля 2022Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
3 февраля 2022Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кыргызстандын Өзбекстанда жайгашкан Барак эксклавында жашагандар жашоо шартынан улам көчүп кетип жатканын билдирди.
3 февраля 2022Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президенттин айланасындагы кээ бир кадрлар ага зыянын тийгизе баштаганын айтып, тазаланууга чакырды.
3 февраля 2022