Түркияда Көчмөндөр оюндарына даярдык башталды. 76 өлкө катышат

8 февраля 2022 Түркияда Көчмөндөр оюндарына даярдык башталды. 76 өлкө катышат

Көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндарын ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ири иш-чара быйыл Түркияда өтөт.

"Көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндарын уюштуруу комитетинин ишине катыштым. Ага Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглу төрагалык кылды. Түркияда Көчмөндөр оюндарына карата даярдык ишине старт берилди. Иш-чараны ушул жылдын сентябрь айынын акырында Изник шаарында өткөрүү болжолдонууда. Оюнга 76 мамлекеттен 2 050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө", — деген Раев.

Ал Көчмөндөр оюндарында маданий программага өзгөчө орун берилгенин айтып, анын салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссёрлору, сценаристтери тартылганын кошумчалаган.

Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган. Пандемиядан улам иш-чара жылып отуруп 2022-жылга калган.

sputnik