КМШ өлкө башчыларынын Бишкектеги саммитинин узак мөөнөттүү натыйжасы. Сереп

29 октября 2023 КМШ өлкө башчыларынын Бишкектеги саммитинин узак мөөнөттүү натыйжасы. Сереп

КМШга мүчө-мамлекет башчылар кеңешинин Бишкекте өткөн жыйыны эмнени көрсөттү? Саммиттин натыйжалары шериктештик ичинде жана анын чегинен тыш процесстерге кандай таасир этерине Sputnik Кыргызстандын баяндамачысы сереп салган.

КМШ ишмердиги дайым орток тарых жана биргелешкен келечекке көз карашы постсоветтик мейкиндиктин алкагындагы процесстердин интенсивдүүлүгүн аныктоого тийиш деген демилгеге негизделген. Ачык айтыш керек, уюмга мүчө-мамлекеттердин баары эле дайым бир пикирде болгон эмес, маселен, шериктештин алкагындагы байланыш жана жолугушуулар азая түшкөн, ошондой эле 2008-жылы Грузиянын бул бирикмеден чыгып кетиши өңдүү учурлар болгон.

Кырдаал бүгүн деле өзгөрүп кеткен жок: уюмга мүчө-мамлекет башчыларынын баары эле кызматташууну кубаттай беришпейт. Бирок себеби кандай экенине карабастан Бишкектеги саммитке айрымдардын катышуудан баш тартышы тарыхый байланышы терең бир мейкиндиктеги калк жана мамлекеттерди тизмеден чийип кое албайт. Украина менен Молдованын КМШ менен байланышын акырындап үзүшүнө өз себептери жана өзгөчөлүктөрү бар чыгар, бирок тышкы кысым алдында кабыл алынган чечимдер миллиондогон адамдардын турмушуна терс таасирин тийгизүүдө.

Ошентсе да бөлөк өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү айрым мамлекеттер жана эл аралык уюмдардан айырмаланып, КМШнын табиятына жат. Бул өлкөлөргө өнүгүүнүн башка векторлору зарыл деп таңуулаган батыш саясатчылары жана эксперттеринин сунушу менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин биримдик жана чөлкөмдөгү бирикме катары улам ыдыратууга тырышып да келишти.

Шериктештик эч качан башка мамлекет, бирикме жана уюмдар менен болгон мамиленин өрчүшүнө тоскоолдук кылган эмес. Ошол эле убакта Батыш өлкөлөрү менен "ачык каалгалар" саясатынын 30 жылы экономикалык өсүш жана өнүгүүнүн доору боло албады. Адилеттүү жана теңата алакаларды санаалаш мамлекеттер гана кепилдей алышат. Муну түшүнүү азыр чөлкөм жана эл аралык өнүгүү жагынан КМШнын алдыңкы позициясын аныктайт. Дүйнөлүк түзүмдү алмаштыруу процесси шериктештиктин ролун таптакыр жаңы өңүттө көрсөтүшү мүмкүн.

Улам чыңдалган байланыштар

КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын саммитин утурлай Кыргызстанга Россия президенти Владимир Путин расмий визити менен келди. Эгер саясий талдоодон бир аз алыстап эки лидердин жүрүм-турумуна көңүл бурсак, жолугушуу өтө жылуу маанайда өткөнүн көрүүгө болот.

Жыйындан бир күн мурун чөлкөм аралык кыргыз-россиялык конференцияда 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлушу жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөргө кошумча жагымдуу маанай тартуулап турду. Ал эми расмий визиттин жыйынтыгында кол коюлган жети макулдашуу жана товар айлантууну жылына 5 миллиард долларга чейин чыгаруу боюнча дымактуу максаттар эки тараптуу алакаларды дагы бекемдей турганы шексиз.

Жогорку деңгээлде талкууланган темаларда бир нече багыт камтылды. Негизинен булар – ЖККУнун чөлкөмдөгү Ыкчам аракет этүү күчтөрүнүн авиациялык колдоо бөлүгү болгон "Кант" авиабазасы аркылуу чечиле турган Кыргызстан менен Борбор Азиянын коопсуздук маселелери. Уюмдун алкагында аскердик түзүмдүн сакталышы Борбор Азиядагы туруктуулуктун кепилдиктерин камсыздайт. Муну Кыргызстандын бардык өнөктөштөрү түшүнөрү турулуу.

Коопсуздукка чакырыктар жаралып, анын ичинде афган багытындагы коркунучтар турганда Кант шаарындагы авиабазанын маанисин баалабай коюуга болбойт. Ал Россиянын Борбор Азиядагы узак мөөнөттүү саясатында Кыргыз Республикасы негизги орунда экенин аныктайт. Бирок кокус чөлкөм чайпалса, өлкө коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө эң активдүү катышат. Соңку жылдары РФ менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык күч алганы тегин жерден эмес. Ал эми Аба чабуулдарынан коргонуунун бириккен региондук тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланган соң эки мамлекеттин аба мейкиндиги кыйла ынанымдуу корголгонун айтууга болот.

Бишкектеги КМШ саммити

КМШ өлкөлөрү туруктуу көп полярдуу дүйнөнү түзүүнүн маанисин белгилешти

 

Дипломатия убагы

Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери саммиттин абдан тыгыз графигин эске алуу менен убакытты болушунча майнаптуу пайдаланып, Бишкекте эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. Албетте, Россия менен Азербайжан лидерлеринин кезигүүсү жана Тоолуу Карабахтагы кырдаалды талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Тилекке каршы, Армениянын премьер-министри Никола Пашиняндын жоктугунан улам үч тараптуу жолугушуу болбой калды. Болбосо Карабахтагы абалды турукташтырууга байланышкан маселелер чечилип калмак.

Ошентсе да бул жыл постсоветтик мейкиндиктеги эң кайгылуу Карабах жаңжалынын аякташы менен айрыкча маанилүү. Армениянын саясаты бүгүнкү күндө коопсуздуктун жалпы тутумунун (ЖККУ) бүтүндүгү, Евразия экономикалык биримдиги жана КМШ алкагындагы кызматташтык туурасында ой жүгүртүүгө түртөт. Армения ушул тапта башынан оор убакты, ички саясий кыйынчылыктарды кечирүүдө. Анткен менен бардык келишимдик-укуктук базаны, союздук милдеттенмелерди ревизиялап чыгуу жөнүндө кеп жок.

Беларусь президенти Александр Лукашенко Армениянын жетекчилигин "өнөктөш эмес" деп атаганы менен РФ лидери Владимир Путин басма сөзгө билдирүүсүндө "Армения КМШдан эч кайда кетпегенин" белгиледи. Жакын арада Арменияны үч тараптуу форматтагы (Азербайжан, Россия менен) болбосо да, көйгөйлөрдү талкуулоого активдүү катышуусу үчүн шериктештик аркылуу диалогго кайтаруу боюнча дипломатиялык аракеттер көрүлөрүн боолголосок болот.

Түштүк Кавказ — КМШ мейкиндигинин орчундуу бөлүгү. Мында коопсуздук менен туруктуулук Евразияны аралаган транспорттук, соода жана энергетикалык артериялардын бир катар долбоору үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ошол себептүү Армения чөлкөмдөгү тоскоолдуктарды жоюуга салым кошуу менен бул процесстердин жигердүү катышуучусу бойдон калышы өтө маанилүү.

Ары орчундуу, ары кызыктуу

КМШ өлкө башчыларынын саммитинин жыйынтыгында ар кыл багыттагы 17 документке кол коюлду. Узак мөөнөттүү планда булардын бир нечеси өтө маанилүү. Атап айтканда, Орус тили боюнча эл аралык уюмду түптөө, тилди улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жана таанытуу жөнүндөгү макулдашуу көңүл бурууга татыйт.

Ушул тапта КМШ мейкиндиги — ар башка тил, маданият активдүү түрдө чектешкен динамикалуу атаандаштык чөйрө. Орус тили боюнча уюм түзүү, аны таанытуу жалпы маданий-тарыхый мейкиндиктин сакталышы жана өнүгүшүнө багытталган. Орус тилин үйрөнүүнү жана ушул тилде билим алууну каалагандардын көптүгүн эске алуу менен аны өнүктүрүү процесстери борборлоштурулууга тийиш. Жаңы уюмдун иши КМШ өлкөлөрүнүн орток кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенүүгө болот.

Ал ортодо постсоветтик мейкиндиктин тагдыры да өзгөрүүгө дуушар болушу ыктымал. Саммитте КМШнын байкоочу жана өнөктөштөрү макамы тууралуу документке кол коюлду. Шериктештик демилгесинин өзү олуттуу өзгөрүүлөргө кабылып, эми бул структура бардык дос мамлекеттердин баарына ачык болушу мүмкүнбү? Болушу да ажеп эмес, бул кызыктуу процесс акырындап аталган багыттагы көнүмүш терминдердин да алмашуусуна алып келери бышык. "Постсоветтик мейкиндик" деген аталыш акырындап колдонуудан чыгып, КМШ да мезгилдин талабына ылайык башка түргө өтүшү мүмкүн.

КМШ жана келечектеги дүйнө түзүмүнүн курулушу

Шериктештикке мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитте кабыл алынган көп полярдуу дүйнөдөгү мамилелер жөнүндөгү билдирүүсү — өзгөрүлмөлүү дүйнөдө КМШнын жаңы ролун көрсөтүү. Анын маңызы адилеттүү дүйнө курууга жалпы умтулууну чагылдырат. Мында кош стандарттардын колдонулушуна жол берилбейт, бардык мамлекеттердин коопсуздугу кепилденет.

Алдыда бизди КМШнын мындан аркы институционалдык жана структуралык өзгөрүүлөрү күтөт. Алар ички процесстерге да, бул бирикменин тышкы өнөктөштөр менен мамилелерине да таасир этиши мүмкүн.

КМШ ишмердигинин ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана БРИКС менен катарлаш болушу жана координациясынан улам дүйнөлүк гегемонияга каршы туруунун кеңири фронтунун түзүлүшүнө күбө болобуз. Ал экономика, илим жана технология, маданият жана билим берүүдөгү лидерлигин колдон чыгарганын алигүнчө мойнуна алгысы жок. Батыш гегемониясынын соолушу олуттуу экономикалык жана саясий кесепеттерге кептеп, алар биринчи кезекте планетанын булуң-бурчуна таасир этет. Бирок Бишкектеги КМШ саммити дүйнөнүн бул бөлүгү алдыдагы чакырыктарды кабылдоого жана биргеликте туруштук берүүгө даяр экенин айгинеледи.