РФ премьери: Россия ишенимдүү союздаш өлкө бойдон кала берет

28 октября 2023 РФ премьери: Россия ишенимдүү союздаш өлкө бойдон кала берет

Ал көп тараптуу байланышты бекемдөө товарлардын тышкы рынокко чыгуу шарттарын жакшыртууга жардам бере турганын айткан.

 Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында Россия ишенимдүү союздаш өлкө бойдон кала берерин белгиледи.

"Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор, Россия ишенимдүү союздаш жана соода өнөктөшү катары кала бермекчи. Биз коңшу мамлекеттердин кызыкчылыктарына өзгөчө маани беребиз", — деген ал.

Ал көп тараптуу байланышты бекемдөө товарлардын тышкы рынокко чыгуу шарттарын жакшыртууга жардам берип, жарандарга да, жалпы биримдикке да пайда алып келе турганын кошумчалаган.