Кыргызстанда адал паркын куруп иштетүүгө 54,5 млн. доллар сарпталат

29 октября 2023 Кыргызстанда адал паркын куруп иштетүүгө 54,5 млн. доллар сарпталат

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков адал индустриясы инвестиция тартуучу тармактардын бири экенин айтты.

Кыргызстанда ачыла турган адал эт паркынын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Алмаз Кайырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

 

"Адал паркы — бул эт жана эт азыктарын, ошондой эле сүт азыктарын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө ылайыктуу комплекстүү өнөр жай аймагы. Аймакта асыл тукум заводдору, мал бордоо аянттары, мал союунун алдындагы ветеринардык текшерүү үчүн карантиндик блоктор, эт жана сүт азыктарын сактоочу тоңдургучтар, тери-жүндү кайра иштетүүчү цехтер, ошондой эле өндүрүш цехтери болот. Адал индустриясы — инвестиция тартуучу тармактардын бири. Адал паркын курууга жана ишке ашырууга пландалган сумма 54,5 миллион долларды түзөт. Белгилей кетсек, 2021-жылы The Chambers Shamsul Kamar жана HalNex кыргыз-малайзиялык корпорациясынын консорциумунун өкүлдөрү менен келишим түзүлгөн. Корпорацияга парктын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн. Ал эми 2023-жылдын 27-июлунда жогорудагы жумушчу топтун кезектеги отурумунда консорциумдун адал парктын техникалык-экономикалык негиздемесинин үчүнчү компоненти боюнча берилген отчету каралып, кабыл алынган. Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкы, Кыргызстандагы жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы тарабынан каржыланат. Кол коюлган келишимге ылайык, 2019-жылы кайтарымсыз негизде 380 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам тартуу маселеси каралган. Ислам өнүктүрүү банкы 280 миң доллар, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы 100 миң доллар бөлөт. Долбоорду өнүктүрүүгө кыргыз тараптын салымы 50 миң долларды түзөт", — деди Кайырбеков.