Көңүл бургула - кызамык! Балаңыз кызамык менен ооруса эмне кылуу керек

29 октября 2023 Көңүл бургула - кызамык! Балаңыз кызамык менен ооруса эмне кылуу керек

Кызамык – сезгичтиги жогору болгон курч жугуштуу вирустук оору. Кызамык менен чоңдор жана балдар дагы оорушу мүмкүн.

Инфекциянын булагы кызамык менен ооруган адам гана. Ооруга учурабаган жана кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар оорулуу адам менен байланышта болгондо, жаш курагына карабастан дээрлик 100% жугузуп алышат.

Кызамык кантип жугат?

Вирустун жайылышы бейтаптын шилекейи аркылуу жугат:

чүчкүргөндө;

жөтөлгөндө;

сүйлөп жатканда;

ошондой эле бейтап менен жакын жеке байланыш же инфекция алып жүргөн адам менен байланыш болгондо.

Вирус вентиляция түтүктөрү жана лифт шахталары аркылуу да тарайт – үйдүн ар кайсы кабатында жашаган балдар бир убакта ооруп калышы толук мүмкүн.

Кызамык кантип билинет?

Инфекциядан биринчи белгилер пайда болгонго чейинки убакыт 7 күндөн 14 күнгө чейин созулат.

Оорунун белгилери:

дене температурасынын 38-40 ° C чейин жогорулашы;

катуу алсыздык;

табиттин жоктугу;

кургак жөтөл;

мурундун агышы;

конъюнктивит (көздүн былжыр челинин сезгениши);

исиркектер пайда болушу.

Кызамык эмне үчүн коркунучтуу?

Кызамык оорусу өтө коркунучтуу, өпкөнүн, мээнин жана көздүн сезгениши пайда болуп, сокурдукка алып келет. Оор учурларда, бейтап каза болуп калышы мүмкүн.

Көбүнчө, кызамыкты беш жашка чейинки балдарда же 30 жаштан ашкан кишилерде оор көтөрөт.

Балаңыз кызамык менен ооруса эмне кылуу керек?

телефон аркылуу жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ)/Дарыгерлердин жалпы практикалык борбору (ДЖПБ)/Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮДТ)медициналык жардамга кайрылыңыз;

ҮМБ/ДЖПБ/ҮДТна өз алдынча эмес, медициналык кызматкерди үйүңүздө күтүңүз;

дарыгер келгенге чейин, башка адамдар менен байланышты азайтуу;

бөлмөнү желдетип, нымдуу тазалоону бат-баттан жүргүзүңүз;

өз алдынча дарыланбагыла!

 

Балаңызды кызамыктан кантип коргой аласыз?

Кызамыкты алдын алуунун эң ишенимдүү жана эффективдүү ыкмасы бул эмдөө.

Балдарды эмдөө Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календары боюнча 12 айлык жана 6 жашында кайра жүргүзүлөт.

Балаңызды кызамыктан сактаңыз!

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому, Кызыл Чырым (Крест) жана Кызыл Жарым Ай Коомдорунун Эл аралык Федерациясы (IFRC) кызамык оорусунун көбөйүшүнө жооп иретинде мамлекеттик эмдөө кампаниясын колдоо үчүн ыктыярчыларды жана кызматкерлерди тартууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун бүткүл өлкө боюнча 250дөн ашык окутулган ыктыярчылары жана кызматкерлери бар. Алар колдоо керек болгон жамааттарда жашап жана иштешет. Биз адамдардын кызылча жана кызамыктан кантип сактануу, туура эмес маалымат жана коркуу менен күрөшүү, суроолорго жооп берүү жана адамдарды эмдөө сайттары жана саламаттыкты сактоо кызматтары менен байланыштыруу боюнча маалымдуулугун жогорулатабыз.

Кененирээк маалымат алгыңыз келсе Республикалык иммунопрофилактика борборунун https://privivka.kg/kalendar-privivok/ жана Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун https://www.redcrescent.kg/ru/ сайтына кирип, кошумча маалымат алсаңыз болот.