Жасалма мөңгү. Адистер Кыргызстанда суу көйгөйүн чечүү жолдорун айтты

8 февраля 2022 Жасалма мөңгү. Адистер Кыргызстанда суу көйгөйүн чечүү жолдорун айтты

Кыргызстанда кургакчылык учурунда сугат көйгөйүн кантип чечсе болорун Sputnik радиосунун эфиринде жасалма мөңгү тоңдуруучу Абдималик Эгембердиев менен окумуштуу гляциолог Рыскул Усубалиев айтып берди.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда алгачкы жасалма мөңгү 2019-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айлында тоңдурулган. 2021-жылы алардын саны 11ге жеткен. Быйыл дагы 20 жасалма мөңгү тоңдуруу пландалууда.

"2019-жылы суу тартыштыгы жаралып, мен непалдык адистер менен байланышып калдым. Алар мурда сууну тоңдуруп койчу шайманды жасап чыгышкан. Биздин шартта кышкысын жерден атырылып турган фонтан жасоо керек. Ал акырындык менен тоңуп отуруп, мөңгүгө айланат. Жерге-Тал айылынын тургундары менен каражат таап, суу түтүгүн алып, муз тоңдурганбыз. Анын суусу айыл элине июнь айынын ортосуна чейин жетип берди", — деди Эгембердиев.

Окумуштуу Рыскул Усубалиевдин айтымында, мындай жол менен тоңдурулган муздар чындап эле жер-жерлерде суу тартыштыгын жоюуга жардам берет жана экологиялык жактан айланага зыянын тийгизбейт.

sputnik