Пекиндеги ири саясий оюн: Олимпиаданын ачылышына кимдер келди

4 февраля 2022 Пекиндеги ири саясий оюн: Олимпиаданын ачылышына кимдер келди

Эртең Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанаты өтөт. Бул спорттук эле эмес саясий дагы иш-чара, анткени оюндар эбактан бери эле эл аралык иш-чарага айланып калган.

Олимпиада Батыш 1980-жылы Москвада өткөн оюндарга бойкот жарыялагандан кийин толук кандуу геосаясий тирешүүнүн куралы боло баштады. Анда СССР жооп иретинде Лос-Анжелесте өткөн Олимпиадага барбай койгон. Бүгүнкү күндө бул тажрыйба кайрадан кайталанып жатат. Бирок бул жолкусунда дипломатиялык жолуна күбө болуудабыз, башкача айтканда, оюндарга спортчулар катыша берет. Мындай ыкманы баягы эле Батыш колдонууда. Алгач 2008-жылы да дал ушул Пекинде өткөн жайкы Олимпиадага, андан кийин 2014-жылы Сочиде өткөн оюндарга бойкот жарыялоого аракет жасаган. Быйылкы Олимпиаданы да дипломатиялык жол менен жазалоону чечишти: декабрдын башында эле АКШ бойкот тууралуу жар салып, дүйнө мамлекеттерин да ушуга үндөгөн. Себеби да жаңылык эмес — Кытайда адам укугунун бузулушу, өзгөчө "Синьцзяндагы геноцид". Ал арада АКШнын командасы эң ири спорттук топ болуп саналат, бирок ачылыш салтанатына өлкө жетекчилигинен бир дагы адам катышпайт. Кырдаалга Петр Акопов баам салып, макала РИА Новостиге жарыяланды.

Деги ким келет, бойкот максатына жеттиби?

Чет жактан келчү башкы конок РФ президенти Владимир Путин болот. Пекинде ал Си Цзиньпин менен эки жылдын ичинде биринчи жолу көзмө-көз жолугуп сүйлөшмөкчү. Кытайдын лидери бул убакыт аралыгында өлкөдөн чыккан жок, чет элдик делегациялардын келиши менен дүйнөгө америкалык бойкот ишке ашпай калганын көрсөтүү кажет. АКШга азыр пандемия да жардам берип жатат, анын айынан визиттер менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болушунча кыскарды. Натыйжада Пекинге ким келери ого бетер бүйүр кызытууда.

Анын үстүнө Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышкан жогорку даражалуу меймандардын саны боюнча рекорд да Пекинге таандык: 2008-жылы 8-августта Улуттук стадиондо 70тей чет элдик лидер чогулган. Негизи 75 деп айтылат, бирок мунун ичинде министрлер баштаган делегациялар да бар. Президент, премьер, королдордун (мураскер жана жөнөкөй ханзаадалар) саны 66 болсо, азыркысында 23 экени айтылды. Америкалык бойкоттун ийгиликке жеткенинин белгиси эмеспи?

Жок. Анткени Пекин-2008 менен Пекин-2022нин айырмасы асман менен жердей.

Биринчиден, оюндардын масштабы. Эгер жайкысында 205 мамлекет катышса, кышкысында 91 өлкө ат салышат. Мында Африка дээрлик жок, болгону беш курама команда келери айтылды. Салыштыруу үчүн айтсак, жайкысына 40 команда катышкан. Команда жок болгондон кийин лидери да жок болот. 2008-жылы Пекинге Африканын 11 өлкөсүнүн башчысы келген, мында бирөө гана келет. Океания да жок: жайкы оюндарга беш лидери келген. Спорттун кышкы түрлөрү бул аралда өнүккөн эмес.

Экинчиден, карантиндик чектөөлөр менен коштолгон COVID кандай болгон күндө да өлкө жетекчилеринин мобилдүүлүгүнө кедергисин тийгизип жатат: мисалы, Кытайдын коңшусу Түндүк Корея оюндарга катышуудан таптакыр эле баш тартып койду.

Үчүнчүдөн, бойкоттун баары бир таасири болду. Кандай дейсизби? 2008-жылы деле аракеттер болгон, бирок аны бир нече эле өлкө колдогон болчу, арасында Австрия, Польша, Чехия жана Эстония бар эле. Азыр тизмеде Эстония гана калды, поляктар, мисалы, АКШны колдомок тургай президенти башында турган делегацияны жөнөттү.

Американын бойкотуна Улуу Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия, башкача айтканда, англосакстар кошулду. Европалыктардан Бельгия, Нидерланддар, Дания жана Литва бар. Ушуну менен бойкотчулар соңуна чыгат.

Айрым европалыктар эки жактын тең көңүлүн алууга аракет кылып жатат. Франциянын президенти Эммануэль Макрон алгач оюндарды саясатташтырбоого чакырып, дипломатиялык бойкотту майнапсыз деп атаган. Натыйжада франциялык делегациянын аземге келер-келбеси белгисиз; жекшемби күнү Париж "Оюндарда министр — спорт делегаты Роксана Марасиняну болот. Ал ачылыш салтанатына катышпайт, бирок Олимпиада маалында спортчуларды колдоо үчүн Пекинге барат" деди. Мында Франция бойкотко кошулган жок, бирок ошол эле учурда аземге катышпай турган болууда.

Жалпы жонунан Европа бойкотту колдобойбуз, жогорку даражалуу делегацияны да жибербейбиз деп "силерге да эмес, бизге да эмес" ыкмасына өтүп алды. 2008-жылы Пекинге Европанын ханзаадаларын кошкондо 27 жетекчиси келсе, азыр ЕБге кирбеген Сербияны, Босния жана Герцеговинаны кошуп эсептегенде да болгону төртөө келгени турат.

Ошол эле учурда Евробиримдиктен президент баштап келген делегациялардан Польшаныкы гана бар: Люксембургдун олимпиадалык кыймылга ыктаган жетекчиси герцог Анри жакшынакай эле Пекинге учуп келди. Ага Монаконун князы Альберт II сыяктуу эле англосакстарга кошоматтуунун зарылдыгы жок.

Латын Америкасынан Аргентина менен Эквадордун гана президенттери келет. Мында Азия абдан кадырлуу болуп турат, бу да болсо дүйнөнүн жаңы картинасы. Пакистандын премьер-министри, Камбоджанын королу, Сингапурдун президенти, Монголиянын өкмөт башчысы жана Таиланддын ханбийкеси эле эмес, араб дүйнөсүнүн негизги өлкөлөрүнүн лидерлери — Египеттин президенти, Катардын эмири, Сауд Аравиясы менен БАЭнин мураскор ханзаадаларынын келиши күтүлүп жатат.

Англосакстардын антикытайлык пропагандасынын таасири (негизин "уйгурлардын геноциди түзөт, башкача айтканда, Пекинди мусулмандардын душманы катары көрсөтүү аракети жүрүүдө) ислам дүйнөсүнө анчалык чоң эмес экени ачыкталып калды. Адамзаттын бир жарым миллиарддык бул бөлүгү, деги эле Батышка тиешеси жоктордун баары азыр Евразия мейкиндигинде, Пекинде, Москвада болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып жатат. Дүйнө тарыхынын объективдүү жүрүшүн эч кандай блокада да, изоляция да, антикытайлык, антироссиялык пропаганда да токтото албай калды көрүнөт: Батыш батып бара жатат, Чыгыштын таңы атууда.

sputnik