Эгиз эже-сиңдилер бир күндө турмушка чыгышып, бир күндө көз жарышты

8 февраля 2022 Эгиз эже-сиңдилер бир күндө турмушка чыгышып, бир күндө көз жарышты

Эгиз эже-сиңдилер бир күндө турмушка чыгышып, бир күндө көз жарышты

АКШнын Виржиния штатында жашаган эгиздер бир күндө турмушка чыгып, эки саат айырма менен балалуу болушту. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазып чыкты.

34 жаштагы Рейчел менен Ким Сондерс болочок күйөөлөрү менен 2017-жылы эгиздер фестивалында таанышкан. Ал эми 2018-жылы үйлөнүү тоюн чогуу өткөрүшкөн.

2020-жылдын август айында Сондерс эже-сиңдилери кош бойлуу экенин билишет. Тогуз айдан кийин алар төрөт үйүнө барышкан.

Натыйжада эгиздер эки сааттык айырма менен уулдарды жарык дүйнөгө алып келишкен. Азыр бөбөктөр бирге ойношуп, убакытты чогуу өткөрүшөт.