"Отставкага кеткидей эмне кылыптырмын?!" Бейшеналиев митинг боюнча үн катты

6 февраля 2022 "Отставкага кеткидей эмне кылыптырмын?!" Бейшеналиев митинг боюнча үн катты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев отставкага кетпей турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 5-февралда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары митингге чыкты. Алар Бейшеналиевдин кызматтан кетишин, аны трайбалисттик билдирүүлөрдөн алыс болуп, медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышты.

Бейшеналиев азыр иш ордунда эмес экенин айтып, инспекция менен ооруканаларды кыдырып жүргөнүн кошумчалады.

"Бул борбор негизи жок болчу. Отставкага кеткидей эмне кылыптырмын? Мен өз ишимди жасап жатам. Эгер баштаган реформамды кимдир бирөө улантса, анда кетип, жакшы көргөн жумушум менен алек боло бермекмин. Бирок ага азыр убакыт жок, баштаган реформаны аягына чыгарышым керек. Ишимди уланта берем", — деди Бейшеналиев.

Ал травматологиялык борбор боюнча Садыр Жапаров менен сүйлөшпөгөндүгүн айтты.

"Жумабеков бардык президенттер менен иштешти. Алар дарыгер менен эсептешчү, бирок ал заман өткөн", — деди министр.

Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча Эдил Байсалов башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

Маалымат жыйындан кийин министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жаңы жетекчи менен тааныштыруу үчүн ооруканага барган. Бирок кызматкерлери эшикти тосуп алышкан. Сабырбек Жумабеков министр өзү билемдик кылып жатканын айтып, ал президент Садыр Жапаров бул жагдайды териштирбесе жаңы жетекчини киргизбей турганын билдирген.

sputnik