Биринчи май жана Свердлов округдарында канча шайлоочу добуш бере алат

8 февраля 2022 Биринчи май жана Свердлов округдарында канча шайлоочу добуш бере алат

Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында канча шайлоочу добуш бере аларын маалымдады.

БШК кайра шайлоого катыша турган жарандардын контролдук тизмесин түзүп чыккан.

Ага ылайык, № 27 Биринчи май округу боюнча шайлоочулардын саны 110 888ди түзөт, анын ичинен эркектер — 46 753, аялдар — 64 135. Ал эми № 29 Свердлов округунда 104 711 шайлоочу бар, анын ичинен эркектер — 44 273, аялдар — 60 438.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт. Жарандар тизмеде бар-жогун 1255 же 119 номерине телефон чалып, шайлоо участогуна барып же tizme.gov.kg сайты аркылуу биле алат.

Эки округдан депутаттык мандат үчүн 53 талапкер ат салышууда. Добуш берүү күнү 27-февралга белгиленген.

sputnik