ЖК депутаттары ай сайын Акылбек Жапаров менен жолугуп турмай болду

8 февраля 2022 ЖК депутаттары ай сайын Акылбек Жапаров менен жолугуп турмай болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышкан. Анын алкагында өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашкан.

Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара иштешүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашканы белгиленди.

sputnik