Бишкектеги Ак-Өргө конушунда 2,4 гектар жерге сквер курулат

8 февраля 2022 Бишкектеги Ак-Өргө конушунда 2,4 гектар жерге сквер курулат

Бишкектеги Ак-Өргө конушунда 2,4 гектар жерге сквер курулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Эс алуу жайы Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болот. Долбоордо тротуар, веложол, отургучтар, балдар аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянттары, ажаткана каралган. Учурда жер участогунда пландоо иштери башталды.

2022-жылы Ленин районунун аймагында үч сквер куруу пландалып жатканы белгиленди.

sputnik