Эки жашар бөбөктүн сабалышы: апасы жумуш берген киши менен жашап алган

6 февраля 2022 Эки жашар бөбөктүн сабалышы: апасы жумуш берген киши менен жашап алган

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган эки жашар бөбөктөн кабар алып, ата-энесинен окуянын себептерин тактады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, бала учурда Сокулуктагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланып жатат. Анын атасы Өзбекстандын 25 жаштагы жараны К.Н. 2013-жылы Кыргызстанга көчүп келген.

"Маектешүү учурунда ага жумуш берген 35 жаштагы С.А. аттуу киши Шопоков шаарында жашай турганын айтты. Ал анын балдарын ар дайым шылдыңдап, уруп, атасына дагы ушундай мамиле жасап, пневматикалык винтовка менен бир нече жолу бутка аткан. Жумуш берүүчүнүн мындай мазакташына К.Н. карыз болуп калып, андан кийин үй-бүлөсү дээрлик кулчулукка кабылганы негиз болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган бөбөктүн атасы Акыйкатчы аппаратына арыз жазып С.А. аттуу кишинин үйүндө башка дагы адамдар жана бир жашы жете элек бала иштей турганын, алар дагы зомбулукка кабыларын билдирди.

Мындан сырткары, Азарбеков жабырлануучу бөбөктүн апасы, 21 жаштагы А.Ч. менен дагы маектешкен.

sputnik