Президент Садыр Жапаров "Ош" базарды кыдырып жүрөт. Себеби

8 февраля 2022 Президент Садыр Жапаров "Ош" базарды кыдырып жүрөт. Себеби

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги "Ош" базарын кыдырып жүрөт.

Өлкө башчы соода кылып жаткан жарандар менен баарлашууда. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров сатуучуларга кассалык аппарат боюнча түшүндүрүү иштерин өзү жүргүзүп жатат.

Өлкө башчыны тегеректеген адамдар кассалык аппараттан тышкары базардагы орундардын кымбаттыгы, жайма базар сыяктуу бир катар көйгөйлөрүн дагы айтып жатышат.

Президент буга чейин "Дордой" базарын да кыдырып келгенин айтты.

sputnik