Кош бойлуу келин жумушка орношкону барып, маектешүү учурунда узун чачына муунуп каза болду

7 февраля 2022 Кош бойлуу келин жумушка орношкону барып, маектешүү учурунда узун чачына муунуп каза болду

Кош бойлуу аял заводго жумушка орношкону келип, маектешүү учурунда анын узун чачын станок илип кетет. Кырсыктан улам аял каза болгон.

21 жаштагы Умида Назарова Белорусиянын Борисов шаарындагы «Свармет» заводу менен таанышып жүргөн учурда анын узун чачы зым жана электроддорду жасай турган жабдыкка илинип калган. Чачы мойнуна оролуп, башынан катуу жаракат алып, баш терисинин бир бөлүгү сыйрылып кетет.

Келин эсине келбей, 20 күндөн кийин каза болгон. Кырсык кызга заводду көрсөтүп жүргөн кызматкер убактылуу бурулуп кеткен учурда болгон. Завод кызды акыркы сапарга узатуу зыйнатынын гана акчасын төлөп берген.

21 жаштагы кыздын атасы Дмитрий Назаров кызынын 7 жумалык боюнда бар экенин айтат. «Алар анын чачы узун экенин көрүп туруп, бирок ага башын жаап алуу үчүн эч нерсе беришкен эмес», - дейт ал.

Беларус соту заводдун өндүрүш жетекчисин “коопсуздук эрежелерин бузган” деп келиндин өлүмүнө айыптады.