Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүү үчүн Кытай акча бөлөт. Эскиздер

8 февраля 2022 Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүү үчүн Кытай акча бөлөт. Эскиздер

Бишкектин батыш тарабына кире берген жерде жашыл аймак пайда болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына каражат бөлүү макулдашылган.

"Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкектин батыш тарабындагы кире беришин көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань (дээрлик 8 миллион сом) бөлдү. Бул акчага сквер курулуп, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү жашылдандырылат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда туугандык байланыш түзүү боюнча меморандум кабыл алынган.

sputnik