DAF менен кагышкан. Ысык-Атада кырсыктан 22 жаштагы жигит көз жумду. Сүрөт

8 февраля 2022 DAF менен кагышкан. Ысык-Атада кырсыктан 22 жаштагы жигит көз жумду. Сүрөт

Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 29-чакырымында болгон. Анда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил көлүк кагышып, кырсыктын кесепетинен жеңил автоунаанын 22 жаштагы айдоочусу көз жумган.

"Ушул эле автоунаадан И.Х. жана Л.А. аттуу эки эркек киши жабыркаган. Жерине төрт куткаруучу тартылып, каза болгон эркектин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.

sputnik