Өз үйүмө батпай өгөйлөндүм, карылар үйүнө кетсемби? Кор болгон эркектин муңу

6 февраля 2022 Өз үйүмө батпай өгөйлөндүм, карылар үйүнө кетсемби? Кор болгон эркектин муңу

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына өз үйүнөн кор болуп, балдарына батпай калган атанын каты жарыяланган.

Саламатсыздарбы! Мен да психологго кат жазууну туура көрдүм, атымды атабай, жашыруун түрдө жооп алып берип койсоңор. Силерге түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтайын. ...Мурда жакшы жерде иштечүмүн, айлыгым да ойдогудай болчу. Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай бактым. Ал эмес кайындарымды да камсыздачумун. Кайнилеримдин баары меникинде жатып окуп, үйлөнгөндө эле бөлүнүштү. Аялым ал убакта балдарды төркүндөрүнө жиберип коюп курорттоп, жашоонун доорун жакшы эле сүрдү. Мен деле кыйратып жатам деп адыраңдап жүрө берипмин. Көрсө, үй-бүлөнү көзөмөлдөп, балдарга тарбия бериш керек экен. Өзүм жетим болуп чоңойгом. Чынында балдардын тарбиясында кайненем көп роль ойноду.

Өзүм уулдарымдын оозунан чыкканын алып берип, кийимдин модалуусун кийгизип, муздаткычты толтура май көл, сүт көл бакканым менен ата катары эч бир оокат жасоого, эмгекке үйрөтпөптүрмүн. Тамактын кайдан келип жатканын түшүндүрбөй, айткандарына "жок" дебептирмин. Бүгүн ошонун азабын тартып жатам. Кийин мен да жумуштан түштүм. Заман өйдө-ылдый болду. Менин да ден соолугум жакшы болбой калды. Балдарым да эптеген жан болуп чыга келишти. Улуусу университетте окубай койгон, кичүүсүн окута алган жокмун. Ошентип кийин үйлөнгөндө көп эле кыйынчылык көрүштү. Жогоруда айткандай, кызматтан түшүп калып, эч бир жардам бере албадым.

Мурда иштеп турганда башкаларга жер алып берген күнүм болгон, бирок өзүм бир тамдан бөлөк эч нерсе албапмын. Бүгүн ошону айтып, баарылап мени жемелешет. Эмне кылам? Эч кимге көрсөтпөй ыйлап тим болом. Ызаланам. Башкалардан басынат экенсиң. Улуусу ичкиликке жакын болуп калды. "Үй-жай алып берип, мени бутума тургузган жоксуң" деп чыр салат. Аялым болсо аны колдойт. Бир топ жыл илгери аялым менен бир жылдай ажырашып, балдарым кайындарымда окушкан. Аялым өмүр бою ошону кектеди.

Кичүүсү тырмаңдап иштемиш этип жүрөт. Үчөөнө жек көрүндү болуп жашап жатам. Үйдө жадырап-жайнап ата катары төрдө отуруп, бапырап отурган акыркы күнүм эсимде жок. Мурда деле ыраматылык кайненемдин кийлигишүүсү, өзү каалагандай үйдү тейлегени менен жашадык. Аялым деле өмүр бою мен жактык болгон жок.

Азыр да чарчадым. Пенсиям болбосо эчак эле үйдөн кууп чыгып коюшмак. Ага да ээ эмесмин. Кээде туруп карылар үйүнө кете берсемби дейм. Жок дегенде тынчыраак күн көрөрмүн. Улуу балам ичкенде үйдө тынчтык жок. Кор болуп кеттим.

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:

— Негизи бул катта жашы өтүп калган көп эркектердин көйгөйү жазылган. Мындай караганда турмуштук эле нерсе болгону менен өтө чоң маселе көтөрүлүп жатат. Адам чынында кичинекейинен үй-бүлөдө чоңоюп, тарбияланып, анан өз алдынча турмушу менен алышып кетет эмеспи. Бул адамдын жашы 50дөн эбак өтүп калыптыр. Убагында жакшы иштеп, 1990-жылдары кыйын заманда үй-бүлө багам деп тытынып жүрүп балдардын тарбиясына деле көп аралаша албай калган экен.

Жашоонун да жаш курактык фазалары бар. Ар бир өлкөнүн картаюу индекси ар башка. Адам негизинен алгач биологиялык, социалдык, анан психологиялык жактан карыйт. Эң коркунучтуусу ушул психологиялык жактан картаюу. Анткени адам өзүн чектеп, өлүмгө жакындап калганын аңдап, баарын таштап салат. "Кайсы жагынан ката кетирдим" деп моралдык жактан өзүн жеп, депрессия боло баштайт.

Бул киши да убагында күпүлдөп баарын камсыздап жүрүп, картайганда ушундай абалга келип калды. Азыр үйүндөгүлөрдүн көзүн карап отурат. Бирок кандай болгон күндө да адам өзүн жаман ойлордон арылтып, маселенин жакшы жагынан жол издөө керек.

Ооба, убагында балдарга атанын көңүл буруусу жетишпегенби же барчылыктан бош болуп калганбы, айтор, алар өз турмушун эптей албай калышыптыр. Кээде барчылык да баланын тарбиясына кедергисин тийгизип, ата-энеге камкор болууну билбей калат.

Карылыкка да адам даярдана жүрүү керек. Ал үчүн материалдык жана моралдык жактан камсыз болгон жакшы. Негизи үй-бүлө бир бүтүндүк болгондон кийин атасы да, балдары да ага кам көрүүгө милдеттүү. Бул жерде, тескерисинче, балдары атасына күнөөнү оодарып, аны жаман көрүп жатышат. Сиз үй-бүлөңүздүн мамилесинен улам, бир аз стресске туш болгонуңуз байкалууда. Бирок 50 жаштан кийин эле жашоо бүтүп калбай тургандыгын эске алыңыз. Кудай канча өмүр берсе, күрөшүп, аны жашап өтөбүз. Мындан ары 20-30 же 50 жыл жашасаңыз да жашоону жакшы жашап өтүүгө белсенгениңиз оң. Себеби тарыхты карасак өтө кызыктуу фактылар бар. Мисалы, Микеланджело мыкты сүрөттөрүн 61 жашында тартып баштаса, Гёте "Фауст" чыгармасын 81 жашында жазып бүткөн. Ошондуктан жакшы бир нерсе менен алектенип, хобби таап алган адамга карылык кеч келет. Картайганда тизени одеял менен жаап алып, короодо акыл айтып отуруу түшүнүгү СССРдин идеологиясы менен кирип калган. Ошол себептен карылыкка моюн сунуп, депрессияга батып өзүңүздү чектебеңиз. Мүмкүн жемиш бактарын кыйыштырып же мал багуу жагынан иштин көзүн таап аларсыз. Иши кылып өзүңүзгө пайдалуу иш таап, алаксыганга аракет кылыңыз. Акчаң жок болуп же эмгекке жарабай калганда коомчулукка, кайсы бир адамдарга керек болбой калуу толук мүмкүн. Муну аң-сезимге түйүп, кошо ала жүрүү керек. Анткени бардык адамдын башында бар.

Карыганда ар бир адам бирөөгө өзүн керектүү сезгиси келет. Ошол себептен Европада балдары сыртка чыгып кеткен карылар ит же мышык багып алып, аны үлпүлдөтүп багышат. Андыктан көп нерсе адамдын психологиясына байланыштуу болот. Карылар үйүнө барганда деле бир нерсеге ички кызыгуу болбосо, ал жакта деле өзүңүздү жалгыз сезип, депрессияга батасыз.

Каттын ээсине айтарым, отуруп алып өмүр жолуңузду анализдеп чыгып, анан балдар менен көп талашып-тартышпай башка жагынан жардам берүүгө аракеттенишиңиз керек. Мүмкүн неберелерди жетелеп бакчага алып барып, жомок айтып берип өзүңүздү керексиз сезбей каларсыз. Минтип жүрө берсеңиз депрессияга терең батып кетесиз. Ал деген оору. Ошол себептен тартынбай психотерапевтке же психологго да кайрылып кеңеш сураңыз.

sputnik