Көлдө кымбат 83 объектини менчиктеп алышкан. УКМК коррупциялык схеманы тапты

8 февраля 2022 Көлдө кымбат 83 объектини менчиктеп алышкан. УКМК коррупциялык схеманы тапты

Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат турган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан менчикке мыйзамсыз чыгарып берген коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

2010-жылдын май айында "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан 97 кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин карамагына алынган. Бирок кийинчерээк бул объектилердин ичинен 13 гана батир иш жүзүндө мамлекетке өтүп, калган 56 батир жана 27 коттедж татаал коррупциялык схемаларды түзүү жолу менен мыйзамсыз түрдө менчик структуралардын колуна чыгарылып кеткен.

УКМК булар Ысык-Көл районунун жана облусунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларынын, президенттик аппараттын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен болгондугун билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу болуп "А-А ПМК" ЖАКнын мурдагы башкы директору Ч.В.Ю., ошондой эле анын жактоочусу жана ал менен аффилиацияланган башка адамдар экендиги аныкталган.

"Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын жогорку кызматтагы адамдарына акча жана кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жолу менен колдоо тапканы тууралуу тергөө тиешелүү далилдерди тапты", — деп айтылган маалыматта.

sputnik