Ким Чен Ындын жубайы көптөн бери эл алдына биринчи ирет чыкты. Видео

4 февраля 2022 Ким Чен Ындын жубайы көптөн бери эл алдына биринчи ирет чыкты. Видео

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы узак убакыттан бери эл алдына чыга элек болчу. Ли Соль Чжу жолдошу менен биргеликте Пхеньяндагы майрамдык концертке барды.

Акыркы ирет Ким Чен Ындын жубайын 9-сентябрь күнү өлкөнүн негизделишине карата өткөн иш-чарада көрүшкөн.

The Daily Mail агенттигинин жазганына караганда, Ли Соль Чжу жолдошу менен Ай календары боюнча жылдын жаңырышына арналган концертке баш баккан. Аны көргөн эл кол чаап тосуп алган.

Иш-чаранын аягында өлкө лидери менен биринчи айым чыгармачыл топ менен эстеликке сүрөткө түшүп, андан соң кол чабуунун коштоосунда чыгып кетишкен.

sputnik