Кандын тобуна жараша кайсы ООРУдан сактануу керектигин билесизби?

8 февраля 2022 Кандын тобуна жараша кайсы ООРУдан сактануу керектигин билесизби?

Ар бир адам өзүнүн канынын тобун билиши керек. Бул маанилүү. Анткени, күтүлбөгөн убакта кан керек болот же донор болушуңуз мүмкүн. Мындан тышкары, кандын тобуна жараша кандай оорулардан сактануу керектигин билип аласыз.

Кандын тобуна жараша бул оорулардан сак болуңуз

Биринчи (0) кан тобундагы адамдар калкан безинин, ашказан-ичеги жолдорунун сезгенүүсүнө, тери ооруларына, инфекциялык жана аллергиялык ооруларга жакын болушат. Ошондой эле, тромбоздон жана миокард инфарктынан качууну сунуштайбыз.

Экинчи (А) кан тобу - боор, жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, диабет жана аллергиялык ооруларга чалдыгышы мүмкүн.

Үчүнчү (В) кан тобундагылар - веналык тромбоз, инсульт, дем алуу органдарынын оорулары, өнөкөт чарчоо синдрому, кант диабети менен жабыркайт.

Төртүнчү (АВ) кан тобуна киргендер таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларынан, тери, инфекциялык, гематологиялык жана онкологиялык оорулардан сактанышы керек. Мындан тышкары, гипертония, тромбоз жана миокард инфаркты да тынчын алышы мүмкүн.