Жанылыктар

Тез картайта турган азыктар

Нан азыктары, газдалган суусундуктар, ар кандай десерттер жана таттуулар, жарым фабрикаттар жана эт азыктары – эң көп пайдаланылат. Бул азыктардын курамында кант менен туз, консерваторлор менен боёктор, май көп болот. Ал эми витаминдер аз.

23 сентября 2020
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө

Россиядагы кыргызстандыктарды автобус менен мекенге жеткирүүнү убадалап, акчасын алдап кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

23 сентября 2020
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

Бишкек Россиядан аба каттамдарына билет эң көп сатылган 10 шаардын катарына кирди. Бул тууралуу саякат боюнча жазган Туту.ру сайты кабарлап, октябрь айындагы билет баалары жөнүндө маалымат берди.

22 сентября 2020
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчилерден болуп, ооруп калуу коркунучундагы топтогулар алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

22 сентября 2020
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

22 сентября 2020
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

22 сентября 2020
Эки партиянын тарапкерлери мушташкан Араванга кошумча күч тартылды
Эки партиянын тарапкерлери мушташкан Араванга кошумча күч тартылды

Араванда үгүт маалындагы массалык мушташтан кийин райондук милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

22 сентября 2020
Баткен менен Ошто көп. Акыркы суткадагы коронавирустун статистикасы
Баткен менен Ошто көп. Акыркы суткадагы коронавирустун статистикасы

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 114 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 71 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

22 сентября 2020
Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат
Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

Россия менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамдар жанданганына карабастан Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн эки мамлекеттин чек арасы аркылуу транзиттик коридорлор уюштурула бермекчи. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

22 сентября 2020
Адистер: күрөң күрүч жеген адамдар рак жана жүрөк ооруларынан оолак болот
Адистер: күрөң күрүч жеген адамдар рак жана жүрөк ооруларынан оолак болот

Күрөң күрүч менен азыктануу ракка жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу кооптуулугун азайтат. Бул тууралуу РИА Новости FoodNews порталына таянуу менен жазды.

22 сентября 2020
Ала качуу фактысын көрсөңөр чалгыла! ИИМдин кайрылуусу
Ала качуу фактысын көрсөңөр чалгыла! ИИМдин кайрылуусу

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыз ала качкан жана никеге мажбурлап тургузган учурларга күбө болгондорго кайрылып, мындай фактыларды жашырбай чалып айтууну өтүндү.

22 сентября 2020
Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны
Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны

2009-жыл. 16-апрель. Бул күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылында жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыгы катталган. Бир түндө жер көчүп, 16 адамдын өмүрүн жалмаган. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар эле.

21 сентября 2020
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

Кыргызстандын "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу учактар чет мамлекеттерге каттай баштады. Республикалык ыкчам штаб каттамдардын тизмесин жарыялады.

21 сентября 2020
Жээнбеков Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө жарлыгына кол койду
Жээнбеков Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө жарлыгына кол койду

КРдин Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган. Ага ылайык, өлкө көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.

21 сентября 2020
COVID-19га каршы арепливир дарысы Москвада сатыкка чыкты
COVID-19га каршы арепливир дарысы Москвада сатыкка чыкты

Коронавируска каршы амбулатордук дарыланууда колдоно турган арепливир препараты Москванын дарыканаларына чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

21 сентября 2020
Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы
Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

"Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек каттамы үчүн билет сата баштады. Учактын рейси 23-сентябрга белгиленген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

21 сентября 2020
Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды
Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана учурдагы эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеваны Аскер прокуратурасы суракка чакырды. Бул маалыматты депутат өзү тасыктады.

21 сентября 2020
Үгүт учурундагы мушташтын айынан Араван РИИБдин башчысы иштен алынды
Үгүт учурундагы мушташтын айынан Араван РИИБдин башчысы иштен алынды

Шайлоонун үгүт ишинде массалык мушташтын чыгышына жол берген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Сактан Исмаилов кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

21 сентября 2020
Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө
Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү ("Жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми чоңдор 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

21 сентября 2020
Дарыга акча коротпойм десеңиз... Адис жашоодогу алтын эрежелерди санады
Дарыга акча коротпойм десеңиз... Адис жашоодогу алтын эрежелерди санады

"Албетте, сырттан эмес үйдөн пайдалуу тамак даярдоо, спорт менен алектенүү көп убакытты же кээде каражатты талап кылышы мүмкүн. Бирок терең ойлоно келгенде, дени сак жашоо образын менен жашагандар аз ооруп, узак жашайт. Андан сырткары, туура тамактанып, кыймылда болуу психологияга оң таасирин тийгизет", — деген адис.

21 сентября 2020
Үлпөт тоюнда ит менен бийлеген колуктунун вальсы таң калтырууда. Видео
Үлпөт тоюнда ит менен бийлеген колуктунун вальсы таң калтырууда. Видео

Кадрдан көрүнгөндөй, үлпөт тойдо кыз вальс бийлеген өзүнүн ити менен чыгып, таң каларлык бий тартуулаган. Жаныбар менен колуктунун мындай өзгөчө өнөрү салтанатка катышып отурган конокторду эле эмес, социалдык тармактагыларды да суктандырды.

21 сентября 2020
Аравандагы окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары билдирүү таратышты
Аравандагы окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары билдирүү таратышты

Маалыматка караганда, жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жеткирилген. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат.

21 сентября 2020
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

20 сентября 2020
Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты
Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

Бүгүн белгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Союз учурунда бир топ жогорку кызматта иштеп, жасаган эмгеги менен элдин эсинде калган инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак.

20 сентября 2020
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

20 сентября 2020
Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды
Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан тарта Бишкек — Москва аба каттамы такай жума күнү аткарылмай болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

20 сентября 2020
Кайненем көңүлдөшүн мага шылтап... Күйөөсүнүн ишениминен чыккан келиндин каты
Кайненем көңүлдөшүн мага шылтап... Күйөөсүнүн ишениминен чыккан келиндин каты

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет кайненесинин калпынан улам күйөөсүнүн ишениминен чыгып, үй-бүлөсүз калган келиндин каты жарыяланды.

20 сентября 2020
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады. Статистика
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады. Статистика

Өткөн суткада медиктердин арасынан тогузу коронавирусту илештирип алган. Алардын төртөө Баткен облусунда, төртөө Ошто, бирөө Жалал-Абадда.Ошол эле учурда 15 медик ооруну жеңип чыкканы айтылды.

20 сентября 2020
КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби
КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби

“Улуттук банктын башкармалыгынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тарта коммерциялык банктарга идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат”, — дешти Улуттук банктан.

20 сентября 2020
БШК Дастан Жумабековдун талапкерлиги боюнча чечим кабыл алды
БШК Дастан Жумабековдун талапкерлиги боюнча чечим кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жумабековдун өзүнө дагы эмес, ал талапкер катары аттанып жаткан “Кыргызстан” партиясына эскертүү берүү чечимин кабыл алды.

18 сентября 2020
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

Бодо мал менен майда жандыкты Өзбекстанга экспорттоого тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

18 сентября 2020
Дастан Жумабеков жарыштан четтейби? БШКнын жумушчу тобу корутунду чыгарды
Дастан Жумабеков жарыштан четтейби? БШКнын жумушчу тобу корутунду чыгарды

орбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабеков "административдик ресурс колдонгон" деген корутунду чыгарып, БШКнын кароосуна киргизди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

18 сентября 2020
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду. Сүрөттөр
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду. Сүрөттөр

15-сентябрь күнү Варламов өзүнүн YouTube каналына Бишкекке болгон сапары боюнча видео жарыялап, шаардык бийликти катуу сынга алган. Ал "Кыргызстандын борбору адам жашоосуна ылайыктуу эмес" деп белгилеген.

18 сентября 2020
Түндө Таласта кар жаады. Видео
Түндө Таласта кар жаады. Видео

Авторлор кар Талды-Булак айылында (мурдагы Жылкы завод) жаап жатканын айтып, жолго чыккан айдоочуларга эскертүү беришүүдө. Кадрдан кар калың эле жаап, шамал болуп жатканын көрүүгө болот.

18 сентября 2020