Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

22 сентября 2020 Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

Окуя 17-сентябрь күнү Ченнай шаарында болгонун Times of India агенттиги жазды. Эл көчөдө премьер-министр Нарендра Модинин туулган күнүн белгилеп жаткан. Уюштуруучулар бир боого байланган 100дөй шардын жанында фейерверк аттырып, жыйынтыгында шарлар жарылып кеткен. Видеодон ошол маалда кадимкидей жалын чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кырсыктан 30дай кишинин ар кайсы жери күйүп, ооруканага кайрылышты. Жергиликтүү бийлик мындай иш-чарага уруксат берилбегенин айтууда.

sputnik