Эки партиянын тарапкерлери мушташкан Араванга кошумча күч тартылды

22 сентября 2020 Эки партиянын тарапкерлери мушташкан Араванга кошумча күч тартылды

Араванда үгүт маалындагы массалык мушташтан кийин райондук милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңжал чыгарууга шектелген үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Райондо коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 30 милиция кызматкери кошумча күч катары тартылган. Бүгүнкү тапта абал туруктуу.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагында 20-сентябрда үгүт ишине 100дөй адам чогулган. Ошол учурда эки партиянын өкүлдөрү мушташа кеткен. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Учурда 30дан ашык адам сурак берип жатат.

Бул окуяга байланыштуу Араван райондук милициянын начальниги иштен алынган.

sputnik