Тез картайта турган азыктар

23 сентября 2020 Тез картайта турган азыктар

Кайра иштетүүдөн өткөн тамактар тез картайтат. Муну испан окумуштуулары аныктап чыгыштып, изилдөөнүн натыйжасын La Vanguardia сайтына жарыялашты.

Нан азыктары, газдалган суусундуктар, ар кандай десерттер жана таттуулар, жарым фабрикаттар жана эт азыктары – эң көп пайдаланылат. Бул азыктардын курамында кант менен туз, консерваторлор менен боёктор, май көп болот. Ал эми витаминдер аз.

Изилдөө жүргүзгөн Наварра Университетинин окумуштууларынын айтымында, мындай азыктарды көп пайдалангандардын организминде хромосомдорду калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Организм убакыттын өтүшү менен өзү деле карайт, бирок кайра иштетилген азыктарды пайдалануу ошол процесстин эрте болушуна алып келет.

Изилдөөчү топ 57 жаштан 91 жашка чейинки 886 адамга байкоо жүргүзгөн. Алар тажрыйбага катышкан адамдарын күнүмдүк рациону менен жашынын ортосундагы байланышты салыштырышкан. Күнүнө үч маал кайра иштетилген азыктарды пайдалангандар эки эсе тез картая турганы аныкталган.