Бишкек мэриясы блогер Илья Варламовдун сын пикирине ыраазычылык билдирип флешмоб уюштурду.
15-сентябрь күнү Варламов өзүнүн YouTube каналына Бишкекке болгон сапары боюнча видео жарыялап, шаардык бийликти катуу сынга алган. Ал "Кыргызстандын борбору адам жашоосуна ылайыктуу эмес" деп белгилеген.
Шаардык кызматтын маалымат катчылары соцтармактарга "Варламов, рахмат. #Бишкексүйүктүүшаарым деген жазууну кармаган муниципалдык кызматкерлердин сүрөттөрүн жарыялашты.
Буга чейин мэриянын маалымат кызматы блогердин ишмердүүлүгү боюнча кабардар экенин билдиришкен.
"Биз ар бир кызматта өлкөбүздө жашаган сонун адамдар гана эмес, кемчиликтерибиз жөнүндө дагы видеону көрдүк. Биз сөзсүз мындан дагы жакшы болобуз", — деп убадалады шаар жетекчилиги.
Муниципалитеттен сейил бактар менен скверлер дагы деле курулуп жатканын айтышты.
"Шаарыбыздын "өпкөсүн" тазалап, жөө басуу үчүн жашыл зоналарды көбөйтүп жатабыз", — деп айтылат билдирүүдө.