Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат

22 сентября 2020 Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчилерден болуп, ооруп калуу коркунучундагы топтогулар алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат. Эске салсак, Россия менен Кыргызстандын ортосунда вакцинация системасын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишим бар.

Үсөнбаев кошумчалагандай, учурда канча вакцина алып келинери боюнча так айтыла элек. Аны аныктоо үчүн калктын канча пайызында вируска иммунитет калыптанганын билүү зарыл. Эмдөө жолу менен калктын 60-70 пайызында COVID-19га каршы антителону калыптандырууга болот. Вакцина айрымдарга акысыз сайылса, айрымдар акча төлөп алышы керек болот.

"Эмдөө мамлекеттик жана жеке медициналык борборлордо жасалат. Оору жугузуп алуу коркунучундагы топтон дагы категориялар аныкталат. Биринчилерден болуп бат-бат ооругандар эмделет", — деди Үсөнбаев.

Вакцина сатып алуу тендер аркылуу ишке ашат.

sputnik