Жапаровдун сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен жолугуп, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулай турганы айтылды.
28 июня 2021Ашхабадда Кыргызстан жана Түркмөнстан президенттери Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов расмий жолугуп, тет-а-тет форматында сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
28 июня 2021Австрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга уюштуруучулардын бири Капар Намазалиев билдирди.
28 июня 2021Пульмонолог Сергей Пурясев жайкысын коронавируска каршы вакцина алгандан кийинки негизги эреже тууралуу айтып берди.
28 июня 2021Кыргызстандагы "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропорттору жүргүнчү тосуп алгандар менен узаткандарга чектөө койду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын маалымат кызматы кабарлады.
28 июня 2021Ашхабад шаарындагы кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагындагы компанияларды кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
28 июня 2021Өткөн суткада өлкөдө жалпы 1 081 кишиден коронавирус аныкталып, 488 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
28 июня 2021Ухань тибиндеги коронавирус былтыр күздөн бери өзгөрө баштаган. Алгач бул дүйнөгө таркай баштаган мурдагыдан да кооптуу жана агрессивдүү британиялык штамм эле. Вирус өзүнө жагымдуу жагдайга түшүп, андан ары ар бир өлкөдө өз мутациясы башталды.
28 июня 2021Кыргызстандын Э.М. аттуу жараны Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берилбейт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
28 июня 2021Бүгүн Тажикстан элдешүү күнүн белгилеп жатат. 1997-жылы 27-июнда Москвада расмий Душанбе менен Бириккен тажик опозициясынын ортосунда элдешүү жөнүндө келишимге кол коюшкан.
28 июня 2021Эске сала кетсек, бүгүн Улуттук филармонияда өлкөнүн мусулмандарынын VII курултайы өтүп, анда Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп көпчүлүк добуш менен Көчкөнбай Садиллаев шайланды.
28 июня 2021Кымбат баалуу жер тилкеси коррупциялык жол менен берилгендиктен бюджетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
25 июня 2021Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы (ЖРТ) менен окуу жайларга тапшыруунун босого баллы аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
25 июня 2021Апта ортосунда президент Садыр Жапаров ар кыл тармакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, суроолоруна жооп берди.
25 июня 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделгенине карабай эмне себептен коронавирус жуктуруп алганын түшүндүрүп берди.
25 июня 2021Канададагы католиктердин мурдагы мектеп-интернатынан массалык түрдө көмүлгөн балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу National Post басылмасы жазды.
25 июня 2021Ысык-Көлдүн Тоң районунда маршрутканын айдоочусу жолдо жаткан кишини тебелеп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
25 июня 2021Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына Hyundai Porter автоунаасы менен бараткан беш киши түшүп кетип, экөө куткарылды. Дагы үчөө изделип жатканын ӨКМ билдирди.
25 июня 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты министр өзү тастыктады.
25 июня 2021КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.
25 июня 2021Балдар үчүн эң мыкты ырларды жазган залкар акын Турар Кожомбердиев быйыл көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак эле.
25 июня 2021Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды. Ал коронавирус пандемиясы учурунда ар бир адам өзү жана жакындарынын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезиши керектигин эске салды.
25 июня 2021АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы (жоопкерчилик аймагына Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия кирет) Афганистандан америкалык контингенттин 50 пайыздан ашууну чыгарылганын, бул процесс 10-июлга чейин аяктарын маалымдаган.
25 июня 2021Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
25 июня 2021Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
25 июня 2021Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыгып, эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү белгилүү болду.
25 июня 2021Колдонмону www.prokuror.kg расмий сайтынын ылдый жагынан көчүрүп алууга болот. Эки тилде маалымат берилет.
24 июня 2021Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жыйында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пунктуларын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.
24 июня 2021Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.
24 июня 2021Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигинен берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
24 июня 2021Коңшу Тажикстанда жарандык согуш токтоп, тынчтык орногонуна быйыл 24 жыл болду. 1992-жылы бул коңшу өлкөдө ар түрдүү социалдык-экономикалык жана диний себептерден улам беш жылга созулган кандуу тиреш башталган.
24 июня 2021Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.
24 июня 2021"Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.
23 июня 2021Ош шаардык соту студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын Э.Г. аттуу кызматкерин эки айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.
23 июня 2021