Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыгып, эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү белгилүү болду.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча тестирлөөдө 58 өспүрүм жогорку баллга ээ болду. Анда биринчи орунду 232 балл менен Каракол шаарынын окуучусу Жайдар Нургазиев алса, экинчи орунга 231 балл менен бишкектик Алия Сарыгулова жана үчүнчү орунга 230 балл менен Талас облусунан Сымбат Касымбекова татыды.
Өлкө боюнча ЖРТда жогорку көрсөткүчкө жеткендердин ону орто мектепти бүтүрсө, калгандары лицей, жеке мектеп жана гимназияларды аяктагандар. Жылдагыдай эле алтын сертификатка татыгандардын көпчүлүгү борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мекемелерде окугандар.
Үстүбүздөгү жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 44 миң 416 кыз-улан ат салышты. 22-23-июнда уюштурулган үчүнчү этапка 500 бүтүрүүчү катышты, анын жыйынтыгы июль айынын башында белгилүү болот.
Эске сала кетсек, быйыл 103 миң 414 өспүрүм 9-классты, 61 миң 546 окуучу 11-классты аяктады.