Оштогу Тар суусуна Porter менен түшүп кеткен беш кишинин үчөө табылбай жатат

25 июня 2021 Оштогу Тар суусуна Porter менен түшүп кеткен беш кишинин үчөө табылбай жатат

Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына Hyundai Porter автоунаасы менен бараткан беш киши түшүп кетип, экөө куткарылды. Дагы үчөө изделип жатканын ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, айдоочу Көңдүк айылындагы "Асыран бий" көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаган.

ӨКМ кызматкерлери жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 41 жаштагы айдоочу менен 13 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан.

Ал эми 37, 28 жаштагы эки киши жана төрт жашар наристе дайынсыз болууда.

Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, издөө иштери уланып жатат.


sputnik