Ашхабадда Жапаров менен Бердымухамедов жолукту. Сүрөт

28 июня 2021 Ашхабадда Жапаров менен Бердымухамедов жолукту. Сүрөт

Ашхабадда Кыргызстан жана Түркмөнстан президенттери Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов расмий жолугуп, тет-а-тет форматында сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаровду коштогон кортежди Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтынан Бердымухамедов тосуп алган.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырып, эки президент Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырган.

Андан соң Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" сарайына багыт алган.

"Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти", — деп билдирди маалымат кызматы.

Буга чейинки маалыматтарда алардын эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, региондук, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара алака-катташтын актуалдуу маселелерин талкуулашары айтылган.

Эске салсак, Жапаров бул күндөрү Түркмөнстанда расмий сапар менен жүрөт.


sputnik