Тоңдо маршрутканын айдоочусу жолго жатып алган кишини тебелеп кетти

25 июня 2021 Тоңдо маршрутканын айдоочусу жолго жатып алган кишини тебелеп кетти

Ысык-Көлдүн Тоң районунда маршрутканын айдоочусу жолдо жаткан кишини тебелеп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

"Тогуз-Булак айылында 56 жаштагы М.А. аттуу жаран жолго жатып алган. Ошол учурда Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кишини тебелеп токтогон", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, унаанын астынан каза тапкан кишинин сөөгүн чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


sputnik