Австрияда согуш маалында кыргыздар туткундалган жерге эстелик коюлду. Видео

28 июня 2021 Австрияда согуш маалында кыргыздар туткундалган жерге эстелик коюлду. Видео

Австрияда эмгектенген мекендештер Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп концлагерде курман болгон кыргыздарга арнап Маутхаузен шаарына эстелик тактасын койду. Бул туурасында уюштуруучулардын бири Капар Намазалиев билдирди.

ВИДЕО

Анын айтымында, эстелик мурдагы Маутхаузен концлагеринин дубалына орнотулган. Мындай эскерүү такталарын башка өлкөлөр мурда эле коюп кетишкен. Мындан улам Намазалиевдин демилгеси менен Австрияда иштеген дагы бир мекендеш Ильяс Өмүралиев экөө жүзөгө ашырган.

"Эстеликти Австрияда туткундалып курман болгон бардык кыргызстандыктарга арнап койдук. Бул өлкөдө жалпы 49 концлагерь болгон. Учурда расмий түрдө туткунда каза болгон беш кыргыздын аты-жөнү такталды. Бизге келген конокторго ушул жерди көрсөтчүмүн, бир гана Кыргызстандын эстелиги жоктугунан уялар элем. Акыры өзүбүзгө колго алып орното алдык", — деди Намазалиев.

Эстеликтин ачылышына Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов да катышкан.

"35-40 миңдей совет жоокери ушул Маутхаузенде туткунда болгон. Арасында биздин кыргыз аталарыбыз, апаларыбыз да бар. Бул дагы тарых, келечек муун аны унутпасын деп уюштурганыңыздар үчүн чоң рахмат", — деди элчи.

Ошондой эле ал дүйнө эли тынчтыкта, ынтымакта жашашы үчүн жаш муун бул тарыхты унутпашы керектигин кошумчалады.


sputnik