Россия Тажикстандын күч органдары сураган кыргызстандыкты өткөрүп берген жок

28 июня 2021 Россия Тажикстандын күч органдары сураган кыргызстандыкты өткөрүп берген жок

Кыргызстандын Э.М. аттуу жараны Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берилбейт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 25-июнунда кыргызстандык С.М. арыз менен кайрылган.

"Арыздануучу 2021-жылдын 18-апрелинде Тажикстандын сурамы менен анын Э.М. аттуу бир тууганы Россияда камакка алынганын билдирген. Э.М. Нижний-Новгородго жетери менен укук коргоочулардын колуна түшкөн. Тажик бийлиги 2020-жылдын август айында чек ара аймагында чыккан чырга байланыштуу ага иш козгогон. Э.М. массалык башаламандыкка катышууга айыпталган. Чырдын кесепетинен айыпталуучунун үй-бүлөсүнүн дагы үйү өрттөнүп кеткен. Эки тараптан тең жабырлануучулар катталган", — дешти Акыйкатчы институтунан.

Түшкөн арыздын негизинде мекеменин кызматкерлери башкы прокурор Курманкул Зулушевге Кыргызстандын жаранынын укугун коргоп берүүнү жана Тажикстандын бийлигине өткөрбөөнү өтүнүп кайрылышкан.

"6-майда башкы прокурор Зулушев Тажикстандын бийлигинин сурамын канааттандырбоону өтүнүп кат жолдогон", — деп айтылат маалыматта.

Россия Кыргызстандын кайрылуусун канааттандырып, Э.М. аттуу жаранды Тажикстанга өткөрүп берген эмес.


sputnik