Министр Бейшеналиев COVID жуктуруп, кабинетинен чыкпай уу коргошун ичүүдө

25 июня 2021 Министр Бейшеналиев COVID жуктуруп, кабинетинен чыкпай уу коргошун ичүүдө

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты министр өзү тастыктады.

Анын айтымында, ПЦР-тестинин жыйынтыгы оң чыккан.

"Уу коргошунду үч күндөн бери ичип жатам. Мурдагы күнү абалым начарлап, дене табым көтөрүлгөн. Дароо коронавируска тест тапшырсам, оору жуктурганым аныкталды. Ошол бойдон эч жакка чыккан жокмун. Азыр иш бөлмөмдө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеп жатам. Эч жакка чыккан жокмун. Тамакты эшиктин жанына таштап коюп жатышат. Эртерээк өзүмө келейин деп уу коргошун менен эле дарылануудамын. Бир-эки күндүн ичинде бутума туруп калам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек", — деди министр.

Бейшеналиев 2021-жылдын 29-мартында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген.

Андан кийин апрелде ал коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып, аны кантип ичүү керек экенин журналисттерге көрсөтүп берген.


sputnik