Антитело пайда болбоптур. Бейшеналиев COVID жуктурган себебин түшүндүрдү

25 июня 2021 Антитело пайда болбоптур. Бейшеналиев COVID жуктурган себебин түшүндүрдү

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделгенине карабай эмне себептен коронавирус жуктуруп алганын түшүндүрүп берди.

Буга чейин министрдин COVID жуктуруп алып кабинетинен чыкпай уу коргошун ичип жатканы маалым болгон.

"Ооба, коронавируска каршы вакцина алгам. Бирок антитело иштелип чыкпаптыр. Эмделгенден кийин антителого тест тапшыргам. Айрым учурда көрсөтпөй калып жатат. Ооруп калганыма үч күн болду. Бирок жеңил формасы, жакшы эле жүрөм", — деди министр.


sputnik