Канаданын мектеп-интернатынын аймагынан 751 баланын сөөгү табылды

25 июня 2021 Канаданын мектеп-интернатынын аймагынан 751 баланын сөөгү табылды

Канададагы католиктердин мурдагы мектеп-интернатынан массалык түрдө көмүлгөн балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу National Post басылмасы жазды.

Балдар мүрзөсү Саскачеван штатындагы Мариеваль шаарында жайгашкан индейлердин балдарынын мектеп-интернатынан табылган. Окуу жай 1899-1997-жылдары иштеген.

Маалыматка караганда, балдардын сөөгү табылган мүрзөлөрдүн ичинен мунусу рекорд койду. Расмий маалымат боюнча, мында 751 баланын сөөгү көмүлгөн.

Бул жер Реджайна шаарына караштуу Саскачеван провинциясынын борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан жер алдындагы радардын жардамы менен табылган.

Май айынын соңунда Канаданын Британия Колумбиясы провинциясында жайгашкан жергиликтүү элдин балдары үчүн курулган мурдагы мектеп-интернаттан 215 баланын сөөгү аныкталган. Түрдүү маалыматтар боюнча, Канаданын түпкү жашоочуларынын мектеп-интернаттарында (XIX кылымдын ортосунан 1960-жылдардын соңуна чейин) балдардын 3,2 миңден 6 миңге чейин сөөгү табылган.


sputnik