Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жыйында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пунктуларын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.
“Эч ким былтыркы жылдагыдай экономикалык ишмердүүлүктү чектөө же жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттык сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек”, – деди Бакашова.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
- санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;
- ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда реанимациялык бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;
- облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктасын;
- министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын (зарыл болгондо кызматкерлердин санын көбөйтүү менен);
- шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштурсун;
- 10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;
- вакцинациялоо темпин күчөтсүн.