Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды

28 июня 2021 Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды

Ашхабад шаарындагы кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагындагы компанияларды кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Түркмөнстанга жасаган сапарынын алкагында өлкөнүн экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышкан.

Президент Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларын белгилеп, инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлор иштелип жатканын билдирген.

"Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди. Түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды", — деп айтылган маалыматта.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинен Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, АКШга товарлардын алты миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун белгилеген. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүк туурасында айткан. Жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутуму тууралуу маалымат берген.

Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Жапаров келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара кызматташууга басым жасаган.

"Өлкө башчы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокко экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Жапаров түркмөн ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого үндөп, аларды жигердүү кызматташууга, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырган.

Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар өткөн. Андан соң ар кандай тармактагы продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдерге онлайн режиминде кол коюлганы белгилүү болду.


sputnik