Министрлик: КамАЗ Кыргызстанда автобус чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

25 июня 2021 Министрлик: КамАЗ Кыргызстанда автобус чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.

Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.

"Келишимге ылайык тараптар Кыргызстандын аймагында эл ташый турган газ менен жүргөн автобус жана электробустарды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшөт", — дешти министрликтен.

Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.


sputnik