Жапаров Тажикстандын негиздөөчүсү Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Сүрөт

29 июня 2021 Жапаров Тажикстандын негиздөөчүсү Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Сомонинин эстелиги борбордун "Дусти" аянтына орнотулган. Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга кечээ, 28-июнда, расмий сапар менен эки күнгө барган.



sputnik