1 081 киши COVID жугузуп, 1 054 бейтап оор абалда. Статистика

28 июня 2021 1 081 киши COVID жугузуп, 1 054 бейтап оор абалда. Статистика

Өткөн суткада өлкөдө жалпы 1 081 кишиден коронавирус аныкталып, 488 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 640;
  • Ош шаары – 71;
  • Чүй облусу – 99;
  • Ош облусу – 58;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Баткен облусу – 63.

Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 121 946га жетти. Анын ичинен 108 953 киши дартты жеңди.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 228;
  • Ош шаары – 74;
  • Чүй облусу – 40;
  • Ош облусу – 60;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 46;
  • Баткен облусу – 31.

Бир сутка ичинде коронавирус беш адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынан, Ош шаары менен Жалал-Абад облусунан бирден өлүм учуру катталды. Жалпысынан дарттан 1 982 адам көз жумду.

Азыркы тапта 3 123 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 128 бейтап өтө оор абалда деп айтылды.


sputnik