Күнгө күйбөш керек. Жайкысын COVID-19га каршы вакцина алуу эрежеси

28 июня 2021 Күнгө күйбөш керек. Жайкысын COVID-19га каршы вакцина алуу эрежеси

Пульмонолог Сергей Пурясев жайкысын коронавируска каршы вакцина алгандан кийинки негизги эреже тууралуу айтып берди.

Маалыматка караганда, эмделгенден кийин күнгө күйбөш керек.

"Жайкысын ачык асман алдында күнгө какталуунун вакцина албаган учурда деле зыяны көп. Мындан тери бир топ жабыркайт. Ал эми эмделген адамдар күнгө көпкө туруп калса, аллергия болушу мүмкүн", — деди дарыгер.

Адистин айтымында, вакцинадан кийин антитело иштелип жаткан учурлар өтө маанилүү. Бул биринчи дозадан кийинки үч апта, экинчи дозадан кийинки эки апталык убакыт.

"Андыктан эс алууга барууну пландап жатсаңыз, вакцинаны эртерээк алууга аракет кылуу керек. Андай мүмкүнчүлүк болбой, эмделери менен жөнөп кетсе күнгө көп чыкпоо зарыл. Эгер көлгө барса, жээкте күндүз 10-11ге чейин болуп, кечкичин саат 18.00дөн кийин чыккан туура", — деди Пурясев.

Сөзүнүн соңунда адис күн ысыкта вакцина алгандан кийин адам жанына аллергияга каршы препараттарды ала жүргөнү туура экенин кошумчалады.


sputnik