Эсепсиз байыган. Бишкек мэриясынын жерине үй курду делген компания аныкталды

25 июня 2021 Эсепсиз байыган. Бишкек мэриясынын жерине үй курду делген компания аныкталды

Кымбат баалуу жер тилкеси коррупциялык жол менен берилгендиктен бюджетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаардык мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 гектар жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга ден соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бирок 2002-жылы мэриянын токтому менен кайра 49 жылга ижарага берүү шартына өзгөртүлгөн. Ал эми 2005-жылы жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулуп "А" компаниясына 83 миллион 520 миң 200 сомго сатылганы кабарланды.

"2013-жылы аталган компания Бишкек райондор аралык сотунун негизсиз чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдыктан жеке менчикке өткөрүп, көп кабаттуу үйлөрдү курган. Андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапкандыгы такталды. Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 173 миллион сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319 ("Коррупция") жана 329-беренелери ("Кызматтык жасалмачылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


sputnik