Жанылыктар

Казакстанда борбор шаардын мурдагы аталышы жазылган документтер жарактуу болот

 Казакстанда борбор шаардын мурдагы аталышы жазылган документтер жарактуу бойдон калат. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

25 марта 2019
Абылгазиев Сауд Аравиянын королу менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Сауд Аравиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту. Өкмөт башчы королго «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди жана ага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам жолдоду.

25 марта 2019
АКШ Борбордук Азия аркылуу Ооганстанга транзитти жолго салууда
АКШ Борбордук Азия аркылуу Ооганстанга транзитти жолго салууда

Октябрдын аягында Борбордук Азияны “козгоонун” кезектеги баскычы башталганын жашырууга болбойт. Бул Тоолуу-Бадахшан автономдуу областындагы кырдаалдын курчушунан, америкалык өкмөттүк эмес уюмдардын активдүүлүгүнөн, АКШнын Мамлекеттик департаментинин практикасынан байкалып жатат.

22 марта 2019
Бир ай! Россияда иштеген кыргызстандыктарга "миграциялык мунапыс" берилет
Бир ай! Россияда иштеген кыргызстандыктарга "миграциялык мунапыс" берилет

Бул жеңилдик Путиндин Кыргызстанга жасалуучу мамлекеттик иш сапарынын алдында жасалган.  Россиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн кыргызстандыктар 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгып жана каалаган учурда кайра кирсе болот. Алар эч кандай административдик жоопко тартылбайт. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

22 марта 2019
ВИДЕО "Тайсондун" байгеден уткан Mercedes-Benz унаасына араң жеткен видеосу
ВИДЕО "Тайсондун" байгеден уткан Mercedes-Benz унаасына араң жеткен видеосу

Канат Келдибеков кечээ 66 килограмм салмактагы мыкты мушкерлердин мелдешинде төрт каршылашын жеңүү менен чемпион аталып, баш байге катары чемпиондук курга жана автоунаага ээ болгон. "Тайсон" каймана аты менен таанымал ММА мушкери Канат Келдибековдун WEF Grand Prix турнириндеги жеңишинен кийин Кожомкул атындагы Спорт сарайынан чыгып, калың элден араң суурулуп өтүп, байгеге алган Mercedes-Benz унаасына түшкөн видеосу тарады.

22 марта 2019
Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен
Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен

Колумнист Таалайгүл Усенбаева Бишкектеги ооруканалардын биринде эки күн түнөп, күбө болгон нерселерин айтып берүүнү чечти. Мен айтып берген окуяларды окурмандар кадыресе эле көрүнүш катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок 100 адамдын бирине балким бул макала сабак болуп калаар.

22 марта 2019
Доктурга эмнеси ооруп жатканын айтуудан уялып... Дарыгердин окуялары
Доктурга эмнеси ооруп жатканын айтуудан уялып... Дарыгердин окуялары

Биздин медициналык колумнист, дарыгер Улугбек Жоомартов көпчүлүккө сабак болчу эки окуяны айтып берди. Баштаардан мурун эскерте кетчү жагдай, макалада камтылган айрым физиологиялык аспектилер сизге жагымсыз болушу мүмкүн. ...Бизге оорудан онтоп турган бир аялды алып келишти. Жаны ушундай кыйналып турган экен, түздөлүп жата албайт. Көз жашын көлдөтүп, керээз-мурасын айта баштады.

22 марта 2019
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе эмне болорун УКМК айтты
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе эмне болорун УКМК айтты

Өмүрбек Бабановго карата эки кылмыш иши козголуп, анын бирөө кыскартылган болчу.

22 марта 2019
Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон
Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон

Өлкө башчынын атасы тууралуу жазган китеби 2005-жылы жарык көргөн.

22 марта 2019
АКШ Өзбекстандагы аскердик катышын кеңейтип жатат
АКШ Өзбекстандагы аскердик катышын кеңейтип жатат

Вашингтондогулар мурунку советтик Орто Азияны АКШнын көзөмөлң алдында Ооганстан жана Пакистан менен интеграциялоого багыт алышты.

22 марта 2019
Жакынкы Чыгыш эки ажырым жолдун алдында турат: сирия каатчылыгы, коопсуздук коркунучу, ОПЕК тагдыры
Жакынкы Чыгыш эки ажырым жолдун алдында турат: сирия каатчылыгы, коопсуздук коркунучу, ОПЕК тагдыры

Февралдын экинчи жарымында Москвада “Валдай” эл аралык талкуу клубунун Жакынкы Чыгыш конференциясы болуп өттү, ал аталган көйгөй боюнча өткөрүлгөн сегизинчи иш-чара болуп калды. Пленардык сессияга Орусиядан жана региондун өлкөлөрүнөн жогорку кызматтардагы дипломаттар катышты

20 марта 2019
Серепчи: Кытай менен АКШнын соода согушу глобалдуу соодадагы бурулушка түрткү болот
Серепчи: Кытай менен АКШнын соода согушу глобалдуу соодадагы бурулушка түрткү болот

Кытайдын карызынын деңгээли бүгүнкү күндө өтө эле жогору жана дагы узак убакытка ошол эле темпте өсүүнү уланта албайт.

18 марта 2019
Венесуэла каатчылыгы жана кытай империясы – “Профиль” ар жумалык журналы
Венесуэла каатчылыгы жана кытай империясы – “Профиль” ар жумалык журналы

Венесуэла – Пекин тарабынан 1990-жылдардын аягынан бери курулуп келе жаткан глобалдуу экономикалык империянын негизги элементи жана Латын Америкасындагы Кытайдын болушунун негизи. Кытай, чамасы, психологиялык жактан аны сактап калууга даяр эмес.

14 марта 2019
Боом капчыгайында көмүр жүктөлгөн КамАз оодарылып калды
Боом капчыгайында көмүр жүктөлгөн КамАз оодарылып калды

/Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 127-чакырымында көмүр ташып келе жаткан КамАз оодарылып кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук автоинспекция кызматынан кабарлашты.

14 марта 2019
Бостеридеги үйдүн астынан жылан чыгып, жерине куткаруучулар барды
Бостеридеги үйдүн астынан жылан чыгып, жерине куткаруучулар барды

Маалыматка ылайык, жылан үйдөгү жашоочуларга коркунуч жараткан. Жерине ӨКМдин куткаруучулары барышып, үйдүн астын казып, жыланды кармап, ачык жерге коё беришкен.

14 марта 2019
Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу
Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.

14 марта 2019
Олимпиадалык стипендиялардын өлчөмү өстү
Олимпиадалык стипендиялардын өлчөмү өстү

Эски мыйзамга ылайык Олимпиада чемпиону 20 миң, вице-чемпиону 17 миң жана коло байгесинин ээси 15 миң алчу. Эми жаңы токтом боюнча Олимпиаданын жеңүүчүсү 30 миң, күмүш медалчысы 25 миң жана 3-орундун ээси 20 миң сом алмакчы.

14 марта 2019
Шерадил Бактыгулов: ЕАЭБдин сапат стандарттары Кыргызстандын экспорттук дараметин өстүрүү үчүн негиз катары
Шерадил Бактыгулов: ЕАЭБдин сапат стандарттары Кыргызстандын экспорттук дараметин өстүрүү үчүн негиз катары

Кыргызстанда узак убакыт бою продукцияларды ыктыярдуу тастыктоо системасы иштеп келген. Коопсуздуктун стандарттарын сактоо талабв республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүндө милдеттүү болуп калды.

13 марта 2019
Бүткүл дүйнөлүк универсиада 2019 – студенттик шаттык от менен Сибирдин жүрөгүндө!
Бүткүл дүйнөлүк универсиада 2019 – студенттик шаттык от менен Сибирдин жүрөгүндө!

Универсиада – жаштыктын жана спорттун уникалдуу эл аралык майрамы. Спорттун тили баарына түшүнүктүү, ал Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген элди жана муунду бириктирет!

12 марта 2019
Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишимдин тегерегиндеги кырдаал тууралуу
Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишимдин тегерегиндеги кырдаал тууралуу

Орусия тарапты курал-жарактарды эл аралык контролдоо чөйрөсүндөгү, тактап айтканда 1987-жылдын 8-декабырндагы СССР менен АКШнын ортосундагы орто аралыктагы жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишим (ОКАРК) боюнча позициясына байланыштуу кырдаал тынчсыздандырып жатат.

11 марта 2019
Android телефондордун биз билбеген кандай сырлары бар
Android телефондордун биз билбеген кандай сырлары бар

Биз билген телефондордун же планшеттердин жарымы Android оперативдик системасынын негизинде иштейт. Бул смартфондордо биз билбеген кандай сырлары жана колдонуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар?

11 марта 2019
Айлыгы $1000 ашык: Кореянын завод жана фабрикаларына кантип жумушка орношсо болот?
Айлыгы $1000 ашык: Кореянын завод жана фабрикаларына кантип жумушка орношсо болот?

Анын айтымында, жумушка орношкусу келген адам корей тилин сөзсүз билүүгө тийиш. Бул программа боюнча тестти өтүп, Кореянын Эмгек министрлигинин электрондук базасындагы бирдиктүү реестрга кирүүгө мүмкүндүк алышы керек. Андан кийин жумуш бергендер менен келишимди күтөт.

11 марта 2019
Жээнбеков сотторго: Заман, мезгил өзгөргөндүгүн түшүнгүлө
Жээнбеков сотторго: Заман, мезгил өзгөргөндүгүн түшүнгүлө

Жээнбеков сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейт.

11 марта 2019
Эгер Кыргызстанга ири орусиялык бизнес келсе, эмне болот?
Эгер Кыргызстанга ири орусиялык бизнес келсе, эмне болот?

Кыргызстан Владимир Путинди күтүп жатат, анын мамлекеттик иш сапары ушул жылдын 28-мартка дайындалган. Бишкек бул сапарга кандай даярданып жатат? Бишкек менен Москванын мындан аркы жакындашуусуна каршы чыккан өлкөдө күчтөр барбы?

10 марта 2019
АКШнын аскердик кемелери эми түндүк деңиз жолу боюнча жүрө алышпайт
АКШнын аскердик кемелери эми түндүк деңиз жолу боюнча жүрө алышпайт

Орусия Федерациясынын өкмөтү Түндүк деңиз жолу боюнча чет элдик кемелердин жүрүү эрежесин иштеп чыккан.

6 марта 2019
Өзбекстанда дарыгер 34 жылдык эмгек өргүүсү үчүн 8 миң доллар алды
Өзбекстанда дарыгер 34 жылдык эмгек өргүүсү үчүн 8 миң доллар алды

Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында мамлекет дарыгерге 34 жыл аралыгында колдонулбаган эмгек өргүүлөрү үчүн 68 миллион 941 миң сум (8,2 миң доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

5 марта 2019
Трамп Орусияга киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты
Трамп Орусияга киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты

Трамптын билдирүүсүндө “ Бул буйрукта каралган аракеттер азыр деле Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына адаттан тышкары коркунуч жаратууда” деп айтылат. Буга байланыштуу 2014-жылы жарыяланган санкциялар 2019-жылдын 6-мартынан кийин дагы күчүндө калды.

5 марта 2019
Өзбекстанда окуучусун сабаган мугалим 2,8 жылга соттолду
Өзбекстанда окуучусун сабаган мугалим 2,8 жылга соттолду

5-класстын окуучусу Бобоназар Худойназаров былтыр 20-сентябрда сабалган. Туугандарынын айтымында, ал комага түшүп, үч айдан кийин гана эсине келген. Учурда 11 жаштагы окуучу үйүндө дарылануусун улантып жатат.

5 марта 2019
Ашхабадда кара түстөгү автоунааларды азайтуу чаралары уланууда
Ашхабадда кара түстөгү автоунааларды азайтуу чаралары уланууда

Ашхабадда ак эмес түстөгү автоунааларды текшерүүнүн кезектеги толкуну февралдын экинчи жарымынан тарта башталган. Акыркы жылдары түркмөн бийлиги ак түскө чоң артыкчылык берип келет. 2015-жылы өлкөгө кара түстөгү унааларды киргизүүгө тыюу салынган.

5 марта 2019
Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат
Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат

Маалыматка караганда, ушул тапта БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын жана Дүйнөлүк банктын активдерди кайтаруу боюнча STAR демилгеси, ушул багытта иштеген Базел институтунун башкармалыгы, Батыш жана Азия-Тынч океан аймагындагы формалдуу эмес тармак менен кызматташтык жүрүп жатат.

5 марта 2019
Трансгендер - маңдайга жазылган буйрук
Трансгендер - маңдайга жазылган буйрук

"Азаттык +" бул берүүсүн коомдо сейрек кездешкен трансгендерлерге арнады. Бул оорубу же абалбы? Алардын укуктары эмне үчүн сакталбайт жана коомдо өздөрүн кандай сезишет, эмнеден кооптонушат? “Азаттык+” ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Бул берүүнүн максаты кандайдыр бир көрүнүштү пропагандалоо эмес, тек гана дүйнө ар түрдүү адамдардан турганын эске салуу.

4 марта 2019
Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайрадан каралат
Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайрадан каралат

- Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды. Сот калыс, ачык-айкын, адилет караса, Өмүрбек Текебаев акталат, - деди Шыкмаматов.

4 марта 2019
Сауд Арабия Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыратты
Сауд Арабия Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыратты

Сауд Арабия бийлиги “Аль-Кайда” террордук тобунун мурунку лидери, 2011-жылы май айында Пакистанда америкалык атайын кызматтар тарабынан өлтүрүлгөн Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыратты.

4 марта 2019