The Washington Post: Кытай Тажикстанда жашыруун аскердик база курду

26 марта 2019 The Washington Post: Кытай Тажикстанда жашыруун аскердик база курду

Тажикстанда мына үч жылдан бдери Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгаштырылып келет. Мындай жыйынтыкка The Washington Post басылмасы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан областынын Мургаб районундагы спутниктен тартылган көрүнүштөрдү жана сүрөттөрдү талдоо аркылуу келген.

http://mediaplov.asia/guarddog/laravel-filemanager/images/shares/karta-1.jpg

Тажикстандагы кытай базасынын жайгашуу картасы. Сүрөт: The Washington Post

Тажикстандагы аскердик база Африкадагы Джибутини жана Түштүк-Чыгыш Азиянын чок ортосунан орун алган Түштүк-Кытай деңизиндеги сууларда жайгашкан жасалма аралдарды кошкондо кытайдын дүйнөдөгү аскердик базаларынын тизмегин толуктады.

Басылма: “Ооганстандын Вахан коридоруна трамплин болушу мүмкүн Тажикстандагы жупуну объект расмий түрдө бир дагы мамлекет тарабынан таанылган эмес”, - деп жазат.

Мургаб району – өзүнчө бийик тоолуу район, ал жакта 14 миңге жакын эл жашайт, негизинен этникалык кыргыздар жана памирликтер. Ноябрда ал жакта милиция кызматкерлери тарабынан жетгиликтүү тургундарды өлтүрүүсүнөн кийин чыккан массалык нараазылыгы башталгандан улам Тажикстандын бийлиги Тоолуу-Бадахшан областын “тынчы жок” регион деп эсептешет.

http://mediaplov.asia/guarddog/laravel-filemanager/images/shares/voennye2.jpg

Кытай аскерлери. Сүрөт: mk.ru

Район түндүк жагынан Ош областы, түштүгүнөн Ооганстандын Бадахшан вилаяты, чыгышынан Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району менен чектешет. Аркы тарабындагы Кытайда дагы чек араларда мусулман кылкы көптүктү түзөт жана этникалык кыргыздардын, казактардын жана башка кытай эмес улуттардын өкүлдөрүнүн үлүшү абдан чоң.

Мындан улам, база жайгашкан район стратегиялык болуп саналат.

Басылманын кабарчылары ушул районго жакында барган иш сапарынын учурунда аскер копмлекстеринин бирин көрүшкөн жана алардын базасына жакын жайгашкан тажик айылдарында соода-сатык кылып жүргөн форма кийген кытай аскерлеринин тобуну туш болушкан.

http://mediaplov.asia/guarddog/laravel-filemanager/images/shares/voennye-3.jpg

Кытай аскерлери. Сүрөт: The Washington Post

Гезиттин кабарчысы менен маектешүү учурунда Ма аттуу жоокерлердин бири алар бул жакта 3-4 жылдан бери жүрүшкөндүгүн тастыктаган. Андан анын бөлүгү Ооганстан жактан келе жаткан адамдарды кармап көрдү беле деп суругун учурда, Ма жылмайып, баары өтө тынч өткөн деп билдирген.

Тажикстандагы базанын спутниктик сүрөттөрүндө ал эки блоктуу имараттан жана бир нече казылган траншеялар менен бекемдөөлөрдөн турары көрүнүп турат. Курулуштун комплекси Ооганстан менен болгон чек арадан анча алыс эмес, ал эми аскердик бекемдөөлөр Ооганстандан Тажикстанга келген негизги жолду контролдо кармоого мүмкүндүк берет.

http://mediaplov.asia/guarddog/laravel-filemanager/images/shares/voennye4.jpg

Базанын спутниктен тартылган сүрөтү. Сүрөт: The Washington Post

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо минисрлиги Тажикстандагы аскердик база жөнүндө сөз кылуудан баш тартышты. Тажикстандын ТИМи өз кезегинде “өлкөнүн аймагында КЭРдин аскердик базасы жок экендиги” жөнүндө билдирүү таратты, ал эми мындай база келечекте пайда болушу мүмкүн экендиги тууралуу сүйлөшүүлөр да жүргүзүлгөн эмес. Ошол эле учурда The Washington Post басылмасынын журналисттери сүйлөшкөн аскердик аналитиктер Тажикстанда аскердик эмес, аскердикке жакын түзүмдөр жайгаштырылышы мүмкүндүгүн айтып өтүшкөн. Алар техникалык жактан кытай армиясынын курамына кирбейт.

АКШнын чиновниктери Кытайдын кеңири тңрдө иш алып жаткандыгы жөнүндө билишет, бирок анын операциялары жөнүндө так түшүнүктөрү жок. Алар кытайдын Тажикстанда болушуна каршы эместигин айтышат, анткени Кошмо Штаттар дагы тамтыгы чыккан ооган-тажик чек аралары коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептешет.

Кактакто?!