Олимпиадалык стипендиялардын өлчөмү өстү

14 марта 2019 Олимпиадалык стипендиялардын өлчөмү өстү

Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерине каралган өмүр бою берилүүчү стипендиялардын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу Токтомго былтыр өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон эле. Ал эми кечээ, 19-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен эски стипендиялар биротоло жокко чыгарылды. Эски мыйзамга ылайык Олимпиада чемпиону 20 миң, вице-чемпиону 17 миң жана коло байгесинин ээси 15 миң алчу. Эми жаңы токтом боюнча Олимпиаданын жеңүүчүсү 30 миң, күмүш медалчысы 25 миң жана 3-орундун ээси 20 миң сом алмакчы.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өмүрүнүн аягына чейин олимпиадалык стипендияларды Каныбек Осмоналиев (Москва-1980 Олимпиадасынын чемпиону) менен балбандар Канат Бегалиев жана Руслан Түмөнбаевдер гана алышат. К. Бегалиев Бээжин-2008 Олимпиадасында 2-орунду камсыздаса, Р. Түмөнбаев ошол эле мелдеште 3-орунга илинген.