Василий Кашин
Венесуэлада төңкөрүш, же жарандык согуш, же башаламандык болсо, Кытай бардык сырткы оюнчулардын арасынын башкы жеңилген тарап болот. Венесуэла – Пекин тарабынан 1990-жылдардын аягынан бери курулуп келе жаткан глобалдуу экономикалык империянын негизги элементи жана Латын Америкасындагы Кытайдын болушунун негизи. Кытай, чамасы, психологиялык жактан аны сактап калууга даяр эмес.
Венесуэладагы Кытай тарабынан демилгеленген долбоорлордун бардык суммасы, мамлекеттик жана коммерциялык кредиттерди кошкондо, ошондой эле түз ишвестициялардун суммасы 62 млрд долларга жетет. Ачыгы, ушул долбоорлордун баары ишке ашырылганы белгисиз.
Венесуэледагы 2005-2018-жылда ыкытайдын түз инсвестицияларынын топтолгон көлөмү 20,99 млрд долларды түзөт. China Investment Tracker долбоорунун маалыматы боюнча кытайдын жеке бизнеси Венесуэлага 2018-жылдын декабрында дагы инвестициялоону уланта берген. Анын болуусу нефти тармагы менен гана чектелбейт, транспортко, текекомго, айыл чарбасына, тоо-кен өндүрүү тармагына, электр энергетикасына жана ритейлге жайылган.
Кытайдын Венесуэлага карата мамилесинин дагы бир маанилүү фактору болуп ушул өлкөдөгү көп сандаган кытай диаспорасы саналат. Венесуэла каатчылыгынын оор фазасы башталганга чейин мамилелердин чокусунда ал жактагы кытайлардын саны 400 миң кишини түзүп турган. Венесуэладан кытайлардын агымы жүрүп жатканына карабай, баары бир ал жакта көп эле кытай калды. Чыныгы башаламандык шартында мекендештердин коопсуздугу Пекин үчүн олуттуу глобалдуу ооруга айланып жатат.
Венесуэланын маанилүүлүгү боюнча экинчи өнөктөшү Орусиянын экономикалык катышуусу кытай мене салыштырганжа токтоп калды. Жеткиликтүү маалыматтарга караганда, Москва Венесуэла менен аскердик-техникалык кызматташтыкта каражат табууга жетишти, болжолдуу 12 млрд доллардан 90%га чейин ала алды, ал 2000-2010-жылдардагы курал-жарак келишимдеринин негизинде жүргөн. Венесуэлада орусия мамлекети алдындагы карызы 3,15 млрд долларды жана “Роснефть” алдыдагы карызы 3,1 млрд долларды түзөт. Роснефть алдындагы карызы төлөнүп жатат жана күрөө менен камсыз болгон.
Венесуэланын айланасындагы каатчылыкт курчуган учурда кызыкчылыктардын жана катыштын деңгээлинин мындай айырмачылыктарына карабай, биз эл аралык аренада ролдорду бөлүштүрүүнүн көнүмүш орус-кытай картинасына күбө болдук.
Владимир Путин Николасу Мадурого чалып, өзүнүн колдоосун билдирип, Венесуэланын ички иштерине кийлигишүүнү “бузуку иш” деп атады, Сергей Лавров америкалыктардын козголоңго чакыруусун “бүлүндүргүч” деп баа берди. Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде венесуэла маселеси боюнча АКШнын каршы аракетин жетектейт жана кырдаалды түзөтүү үчүн экономикалык кеңешчилердин тобун Венесуэлага жөнөтүп жатат.
Кытай ушул эле учурда Мадурону колдоо жана Венесуэланын ички иштерине кийлигишүү керек эместиги жөнүндө акырындык менен билдирип, БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги орусиянын позициясына кошулуп, көмүскөдө калуу үчүн бардык аракетин жумшап жатат. Пекинтен бардык тараптарга карманып туруу, жада калса Вашингтон менен Каракаска өздөрүнүн проблемаларын компромисстин негизинде чечип алуу чакырыктары пайда болууда. Ошол эле учурда, Кытай Орусиядан айырмаланып, Латын Америка өлкөлөрүнө басым жасоонун кубаттуу рычагдарына ээ. Ошондой эле, анда ири аскердик океан флоту бар.
Кытай 2011-жылы Ливия менен кандай проблемага туш болсо, азыр дагы ошол эле проблеманы башынан кечирип жатат: ири бизнес-империяны түзүп алып, ал саясий көз караштан жана коопсуздук көз карашынан алганда аны натыйжалуу башкара да, коргой да албайт.
Венесуэлага ири каражаттарды салуу менен Кытай Мадуронун солчул акмакчылыгын токтотууга жөндөмдүү басым жасай турган курал түзө алган жок. Ал эми азыр американын басып кирүү коркунучуна каршы турууга даяр эмес. Орусия өздөрүнүн өнөктөштөрү үчүн акырык мүмкүнчүлүккө чейин, аскердик күч колдонууга чейин күрөшөт, кээде аларды сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, мындай учур Асад менен болду.
Кытай негизги өнөктөшү менен көйгөй пайда болгон учурда өзүнүн жеке тобокелдиктерин азайтууга аракет кылат. Жыйынтыгында ал баарынан кол жууган учурлар да болгон (Ливияда ушундай болгон). Мындан маанилүүсү: Кытайдан кадыр-баркы өнөктөштөрүнүн жана каршылаштарынын көзүнчө жок болууда. Кытайдан өлкө катары көп жылдар аралгында түзүлүп калган “реформалар жана ачыктык” стереотиби көпчүлүк жагынан АКШнын Кытай менен соода согушундагы азыркы стартегиясын аныктайт экендиги жашыруун сыр эмес.
Пассивдүү сырткы саясат 1990-2000-жылдары Пекинге жакшы кызмат кылган, анда Вашингтондун көңүлү Кытайды кармап турууга бөлүнгөн эмес эле, ал эми дүйнөдөгү кырдаал салыштырмалуу туруктуу болчу. Мына ушул кытай тажрыйбасындагы пассивдүү сырткы саясаттын пайдаларына Орусияда жайылып кеткен уламыш негизделген. Ал экономикалык өнүгүүгү жакшы таасир этет деген сөздөр бар. Бирок, өсүп жаткан саясий башаламандыктын шарттарында пассивдүү сырткы саясат эми сактап кала албайт. Тескерисинче, ал көбөйүп, анын өлкөсү үчүн – саясатта дагы, экономикада дагы жеңил курмандыктын репутациясын түзүп жатат.