АКШ Борбордук Азия аркылуу Ооганстанга транзитти жолго салууда

22 марта 2019 АКШ Борбордук Азия аркылуу Ооганстанга транзитти жолго салууда

Регионго америкалык басым жасоонун бардык мүмкүн болгон варианттары иштелип жатат.

Октябрдын аягында Борбордук Азияны “козгоонун” кезектеги баскычы башталганын жашырууга болбойт. Бул Тоолуу-Бадахшан автономдуу областындагы кырдаалдын курчушунан, америкалык өкмөттүк эмес уюмдардын активдүүлүгүнөн, АКШнын Мамлекеттик департаментинин практикасынан байкалып жатат. Негизги дүүлүктүргүч – ооган маселесиндеги барган сайын чоң роль ойноп жаткан Орусиянын регионго акырындык менен кайтып келүүсү, ошондой эле жергиликтүү элитанын автономдуулугу.     

Мамлекеттик департамент Каспийдеги “көмүрсуутектүү интригалар” менен карып калган Нзарбаевге каршы казакстандык оппозицияны колдоодон баштап Мирзиёевдиди “азгыруу” менен Ооганстанга жүк жеткирүүнү камсыз кылган Түндүк бөлүштүрүү тармактарын өнүктүрүү менен Пакистанга басым жасоо аракетине чейин регионго басым жасоонун бардык варианттарын иштеп чыгуу менен кырдаалга комплекстик мамиле жасоодо. 

Америкалыктарга Баку – Актау, Курык – Сарыагаш – Келес жана Бейнеу – Галаба транспорттук коридорлоруна уруксат берүү Борбордук Азияда 2018-жылдагы башкы саясий окуялардын бири болуп калды. АКШ үчүн негизи кызыкчылыктардын чекити – Казакстандын каспий порттору жана Мазари-Шарифтеги акыркы пункту менен өзбек-ооган чек арасындагы Галаба – Хайратон темир жол өтмөгү. Мындан тышкары, баржалардагы жүктөр ооган Хайратонуна Аму дарыясы аркылуу ташылат. Азырынча Гератка жөнөтүлгөн жүктөр жүктөргөн түркмөн-ооган чек арасындагы Серхетабат (Кушка) – Торугунди жана Атамурат –  Имамназар – Акина темир жол өтмөктөрү анчалык суроо талапка ээ эмес.

Ооган жаңжалын жөнгө салууда өзүнүн ортомчулук ролу жөнүндө билдирүү менен Өзбекстан коңшуларына түнтүк-темир жол тармактарын жакшыртууга активдүү жардам берүүдө. Өзбек адистери Хайратондон Мазари-Шарифке чейинки жолду тейлешүүдө, ал эми Иран менен Чорбахр портунун жана ушул порттон Гератка чейинки магистралдын курулушунун башталашын эске алуу менен өзбек тарап Герат менен Мазари-Шариф рельстерин кошууда өзүнүн катышуусун сунуштап жатат.

Региондогу америкалык транзит Тажикстан аркылуу ишке ашып жатат, ал жакта АКШ Төмөнкү Пянж өтмөгүнүн районундагы көпүрөнүн курулушун каржылап берген.

2010-жылы АК-Ордодо жылына 400 000 долларга чейин төлөм үчүн аскердик мүлктү жана персоналды ташуу жөнүндө Лондон менен макулдашуу түзгөн. Ушундай эле макулдашуу Казакстанда жана Ооганстанда согушуп жаткан батыш коалициясына мүчө башка мамлекеттер менен да бар. 2014-жылы күздө Астана Улуу Британия менен британиялык аскердик атайын жүктөрдү темир жол жана деңиз (Актау порту аркылуу) транзитинин кайтуусун (Ооганстандан) Казакстандын аймагы аркылуу ишке ашыруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялаган.

Бир топ кымбат жана логистикалык татаал Түнтүк бөлүштүрүүчү тармагын өнүктүрүү бир гана “регионду багындыруу” аракети менен эле эмес, АКШнын жана анын союздашы Пакистандын ортосундагы мамиленин начарлап кетиши менен дагы байланышкан. Сентябрда Пентагондун басма сөз катчысы подполковник Кон Фолкнер “Түштүк Азияда АКШнын стратегиясын колдоодо Пакистандын чечкиндүү аракеттеринин жоктугунан улам” Пакистанга CSF (Coalition Support Funds – Ооганстандагы америкалык коалициянын пакистандын аскердик инфра түзүмүн колдонуу үчүн америкалык компенсация фонду) фондунун алкагында 300 млн доллар бөлүп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө билдирген.

Дональд Трамп Пакистанга көрсөтүлгөн жардамды максатсыз деп атады (“Биз, акмактар катары, акыркы 15 жылда Пакистанга жардам берүү үчүн 33 млрд доллар коротуптурбуз, анын ордуна бир гана калп менен жалганга ээ болуп отурабыз”). Мындай маалымат тараган, ага ылайык пакистандык аскерлер жана атайын кызматтар талибдерди жана “Хаккани тармагы” (ооганстандагы автономдуу террористтик уюм, аны 2018-жылдын 3-сентябрында каза болгон мавлави Джалалуддин Хаккани жетектеп келген) тобун жашыруун колдойт имиш. Трамп өзүнүн Ислмаабадга көрсөткөн АКШнын аскердик жардамын токтотууну каалап турат (1,15 млрд доллардын тегерегинде). Ошол эле учурда, АКШ Ооганстандагы аскердик операцияларын кеңейтүүдө, бул болсо жабдуу кызматы үчүн кошумча жүк болууда. Түндүк бөлүштүрүүчү тармагы бул шарттарда өзгөчө мааниге ээ болуп жатат, бирок Пакистан сыяктуу союздаш менен такыр эле кол үзүүгө Вашингтондогулар барбайт. Муну сентябрдагы Пакистанга болгон мамалекеттик катчы Майкл Помпеонун сапары да тастыктады.

Исламабад Ташкенттин Өзбекстан – Ооганстан – Пакистан үч тараптуу комиссия түзүү боюнча чакырыгын колдоду, бирок түнтүк транзити тараптан атаандаштыктын күч алышы жана Путиндин Ташкенткен болгон сапарынан кийин АКШ менен Өзбекстандын иштиктүү байланыштарынын күч алган активдүүлүгүнө ачык эле ыраазы болбой келет.вашингтон Исламабадды “түнтүк альтернативасы” менен ачык эле шантаж кылууда.

Өзбекстан тууралуу айта турган болсок, АКШ Бжезинскийдин Ташкентти американын тирегине айлантуу жөнүндө кеңеши эстеп кетсе керек, учурда Мирзиёевди Exxon Mobil тарабынан каржыланган – Пскем ГЭСинин курулушунан баштап нефтегаз өндүрүшүн кеңейтүүгө чейинки экономикалык пландар менен басым жатат. 2018-жылдын жайында Өзбекстандагы АКШнын элчиси болуп Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысынын мурунку орун басары, “катуу адис” жана русофоб Даниэл Розенблюм дайындалды.

Бир эле учурда АКШ Ак-Ордонун көңүлүн алууда. Сентябрдын аягында Астана менен Вашингтон түз аба билдирүүлөрү жөнүндө сүйлөшүүгө жетишкен. Казакстанга АКШнын соода министри Уилбур Росс иш сарап менен келди, ал эми казакстан экономика министри Тимур Сулейменов АКШнын Орусияга каршы санкциялык саясаты Казакстанга тимйбей тургандыгы жөнүндө Вашингтондун убадасын алды.

Ошол эле учурда Назарбаевге Мирзиеёв өзүнүн Борбордук Азияда биринчи АЭС куруу чечими менен Астананы артка жылдырып, Өзбекстанды регионалдык лидерликке чыгарып кетүүдө деп шыбырашууда.

Вашингтон өзүнүн “түнтүк маршруту” чынжырчасы менен автивдешип жатат. Болтон октябрдын аягында Тбилисинин ишенимдүүлүгүн тектерип көрдү. 9-ноябрда Бакуга АКШнын транспорттук командасынын кол башчысы армиянын генералы Стивен Лайонс иш сапары менен келген. Ал Алят шаарчасындагы жаңы Баку эл аралык деңиз соода портунун объектиси менен кеңири таанышып чыкты. Каспий аркылуу транзитти кеңири колдонуу үчүн Азербайжандын транспорттук инфра түзүмүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жүрүп жатат.

7-ноябрда Бостондо АКШнын Соода апалатасы жана Вашингтондогу Каспий саясий борбору тарабынан уюштурулган америка-каспий бизнес-форуму болуп өттү. Орусия менен Иран чакырылган жок, анткен менен Каспийдин укуктук статусу жөнүндө конвенциянын калган кол коюучулары (Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан) ага катышты. Америкалыктар тарабынан уюштурулган Каспий форуму боюнча катышуучулардын курамы негизи эле кызыктуу: Грузия, Ооганстан жана Түркия катышыт, бирок Өзбекстан менен Пакистан болгон жок. Борбордук Азиядагы АКШнын “тарнзиттик стратегиясы” жеке кызыкчылыктарынын артынан түшүү менен, бир эле учурда региондогу карама-каршы пикирлерди күчөтүүгө багытталган.

Стратегиялык маданият фонду